Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

ЖК комитеттери бюджет тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырды

0

Бүгүн, 23-декабрда Жогорку Кеңештин бир нече комитетинин биргелешкен жыйынында 2025-жылдын бюджетине өзгөртүүлөрдү киргизүү, 2026-жылга республикалык бюджет жана 2027-2028-жылдарга болжолдор жөнүндө мыйзам долбоорун карап, аны дароо үч окууда кабыл алды.
Анда Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев баштаган өкмөт мүчөлөрү катышып, маалымат беришти. Ал 2025-жылы ички дүң продукциянын өсүү темпи 10,8 пайызды түзүп, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө өлкөлөрдүн арасынан биринчи орунга чыкканын, кийинки жылы да бул темпти кармоого аракет болорун билдирди.

Касымалиевдин билдиришинче, 2024-жылдын акырына карата ички дүң өнүм (ИДӨ) киши башына 2513 долларды түздү жана 2021-жылга салыштырмалуу 86% га өстү. Бул көрсөткүч 2025-жылы дагы өсүп, 2800 долларга жетет деп болжолдонууда.

"Сырткы факторлордун, анын ичинде импорттук инфляциянын таасирине карабастан, өлкөдө макроэкономикалык туруктуулук сакталып, узак мөөнөттүү өнүгүү жана инвестицияларды тартуу үчүн жагымдуу шарттар түзүлүүдө”, - деди Касымалиев.

Кыргыз өкмөтү өлкөнүн 2026-жылдагы консолидацияланган бюджети 843 миллиард сомдон ашат деп пландаштырып, кийинки жылы бул каражатты 1 триллион сомдон ашырууга аракет көрүлөрүн убада кылып жатат.

Расмий маалыматка ылайык, консолидацияланган казынадан 230 миллиард сомдон ашык чыгаша социалдык багытка, 183 миллиард сомдон көбү экономиканын реалдуу секторуна жумшалат. Мунун ичинен капиталдык салымдарга 27,7 миллиард сом, Барскоон-Бедел жолун куруу сыяктуу долбоорлорго 17 миллиард сомдон ашык каражат коротулат.

Кыргызстандын азыркы бийлиги 2021-жылдан тартып бюджетти өлкөнүн бардык тармактагы киреше-чыгашасын кошуу менен "консолидацияланган бюджет" же "бириктирилген бюджет" деген аталышта сунуштай баштаган. Буга республикалык бюджет, жергиликтүү кеңештердин бюджети, Социалдык фонддун жана Милдеттүү камсыздандыруу фондунун кирешелери, активдер жана милдеттемелер кошулган.

Айрым адистер мындай ыкма өлкөнүн жалпы кирешесин бир кароого мүмкүнчүлүк түзөрүн айтышса, кээ бирлер өкмөт шаарлардын бюджеттерин, Соцфондду жана башкаларды республикалык бюджетке кошуп, "коомчулукту манипуляциялап жатат" деп сынга алып келишет.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России