Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Ташиев 1-январдан баштап ишкерлерди текшерүү токтотуларын билдирди

0

2026-жылдын 1-январынан тартып ишкерлер текшерүү токтотулат. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев 23-декабрда Таш-Мойнок айыл аймагында атайын кызматтын “Кызыл-Белес”эс алуу комплексинин ачылышында сөз сүйлөп жатып билдирди. Анда Ташиев текшерүүлөр мыйзам бузгандарга гана колдонуларын айтты:

"Негизинен биз ишкерлерге жардам беришибиз керек. Мен баарыңыздардын алдында тапшырма коюп кетем: эмдиги жылдан, 2026-жылдын 1-январынан баштап укук коргоо, коопсуздукту сактоо органдары, бирөөңөр дагы бир дагы ишкерди текшербешиңер керек. Ишкерлерди текшерүүнү токтотобуз. Ишкерлерге экономикалык чоң эркиндикти беришибиз керек. Туура, ошол эле ишкерлердин арасында салык төлөбөгөн, аткезчилик менен иштеген, мыйзамдарды олуттуу бузгандар болушу мүмкүн. Аларган биз даана-даана иштешибиз керек. Ал эми калган бир дагы ишкерлерди текшербешиңер керек".

Бийлик ишкерлерди текшерүүгө тыюу салынарын буга чейин да жарыялаган. Маселен, 2024-жылдын январында президент Садыр Жапаров бизнесмендерди текшерүүгө убактылуу тыюу салуу тууралуу жарлыкка кол койгон. Ал Фейсбуктагы баракчасы аркылуу негизсиз текшерүү болсо өзүнө кайрылууга чакырган.

Акыркы жылдарда, анын ичинде узап бараткан жылы УКМК убагында жеке жактарга мыйзамсыз берилип кеткен делген мүлктөрдү мамлекетке өткөрүп алуу өнөктүгүн күчөттү. Алардын арасында жер тилкелери, имараттар, социалдык объектилер, мейманканалар, базарлар жана башка жайлар бар.

Мекеменин төрагасы Камчыбек Ташиев мамлекетке кайтарылып жаткан мүлктөр убагында мыйзамсыз берилгенин бир нече жолу белгилеген.

Ташиев ачылышына катышкан “Кызыл-Белес” эс алуу борборунун жалпы аянты 29 гектарды түзөт, анда УКМК кызматкерлеринин эс алуусу үчүн шарттар бар. 15 эс алуу үйү курулган, анын ар биринин аянты 60 чарчы метр, 600 метрлик асма жол да салынган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России