Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Декабрь
2025
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24 25 26 27 28 29
30
31

Француз актрисасы Брижит Бардо 91 жашында дүйнө салды

0

Дүйнөгө белгилүү француз актрисасы Брижит Бардо 91 жашында көз жумду. Би-Би-Си актрисанын каза болгонун Брижит Бардо фонду билдиргенин жазды.

"Брижит Бардо фонду өзүнүн негиздөөчүсү жана президенти, дүйнөгө таанымал актриса, ырчы Брижит Бардонун көз жумганын терең кайгыруу менен билдирет. Ал атак-даңктуу карьерасынан баш тартып, өмүрүн жана күч-кубатын жаныбарларды коргоого жана өз фондуна арнаган", - деп айтылат фонддун билдирүүсүндө.

Актриса качан жана кайда каза болгону азырынча беймаалым.

Брижит Бардо 1934-жылы Парижде туулган. Ал колунда бар, католик динин тутунган салттуу үй-бүлөдө чоңойгон. Бийге шыктуу кыз Париждеги абройлуу Музыка жана бий консерваториясына окууга өткөн. Ошол жылдары ал модель болуп иштей баштаган. 1950-жылы 15 жаштагы Бардонун сүрөтү Elle журналынын мукабасына жарыяланган.

Моделдик карьерасынын арты менен Бардону киного чакыра башташкан.

Брижит Бардонун жылдызы биринчи күйөөсү, режиссер Роже Вадим тарткан "Кудай аялды жаратты" фильминен кийин жанган. Анда Бардо Сен-Тропедеги жаш аялдын образын жараткан. Тасма чет өлкөлөрдө ийгиликтүү болуп, Бардону француз актрисаларынын алдыңкы сабына алып чыккан. 1955-жылы ал "Деңиздеги дарыгер" (Doctor at Sea) фильминде Дирк Богарддын сүйүктүүсүн аткарган.

1959-жылы философ жана жазуучу Симона де Бовуар "Брижит Бардо жана Лолита синдрому" аттуу белгилүү эссесин жарыялап, анда актрисаны Франциядагы эркин мүнөздүү аял катары сүрөттөгөн.

1960-жылдардын башында Бардо бир катар резонанс жараткан француз тасмаларына тартылган. Алардын арасында Анри-Жорж Клузонун "Оскарга" көрсөтүлгөн "Чындык" драмасы, Луи Малльдин "Өтө купуя иш" жана Жан-Люк Годар тарткан "Жек көрүү" фильмдери бар.

Бардо Голливуд тасмаларында да роль жараткан. Алардын катарында "Вива Мария" жана "Шалако" фильмдери бар. Ага катар музыкада да карьера жасап, ырчы катары таанылган.

Брижит Бардо 1970-жылдардын башында кинодон кетерин жарыялап, кийин саясатка аралаша баштаган. Жаныбарлардын укуктарын ачык колдогон.

Этностук азчылыктарга карата чуулгандуу билдирүүлөрдү жасап, француздардын ашынган оңчул "Улуттук фронт" партиясын жактаган. Мунун айынан ал расалык жек көрүүнү козутууга бир нече жолу айыпталган.

Брижит Бардо 2021-жылы Кыргызстандын президенти Садыр Жапаровго кат жазып, жолбун иттерди атууну токтотууну өтүнгөн. Ал жаныбарлардын көбөйүүсүнө каршы күрөшүү стратегиясы боюнча кызматташууну сунуштаган. Мындан кийин анын фонду жана Кыргыз-Француз экотуризм ассоциациясы Кара-Жыгач багындагы жолбун иттерди стерилизациялоо боюнча "Кумайык" пилоттук долбоорун ишке киргизген.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России