Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушу: министр айрым жетекчилерге сөгүш берди
Транспорт жана коммуникациялыр министри Абсаттар Сыргабаев Балыкчы-Бөкөнбаев-Каракол жолунун курулушуна байланыштуу жыйын өткөрдү. Анда аталган жолду куруу кечеңдеп жатканына байланыштуу өзүнүн биринчи орун басарына, "Кыргызжолтрансдолбоор долбоорлоо-изилдөө институту" ишканасынын директору менен анын орун басарына сөгүш берди.
"Министр бул жолдун курулушун Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жеке көзөмөлүнө алганын баса белгилеп, иш ыргагын ыкчамдатуу, сапатына көңүл буруу жана белгиленген мөөнөттө бүткөрүүнү тапшырды. Мындан сырткары Сыргабаев кышкы мезгилде жолдорду тейлөө жана алардын абалын көзөмөлдөө маселесине токтолуп, тийиштүү деңгээлде иш алып бара албаган жетекчилерди кызматын тапшырууну талап кылды", - деп жазылган маалыматта.
Мунун алдында Ташиев Ысык-Көлдүн түштүк тарабындагы Балыкчы - Бөкөнбаев - Барскоон жолун куруп жаткан жалданма компаниялардын өкүлдөрү менен жолуккан. Анда бул жолдун курулушу беш жылдан бери бүтпөй жатканын сынга алып, буга тиешеси бар адамдарды камоо тууралуу тапшырма берген. Ошондой эле бул жолду келерки жылдын 31-августуна чейин бүтүрүүнү тапшырган.
Бул жыйындан кийин "Кыргыз жол курулуш" компаниясынын негиздөөчүсү Мирлан Исагалиев Балыкчы–Бөкөнбаев–Каракол автожолун куруу мөөнөтүнүн жана ченемдеринин одоно бузулушуна байланыштуу кармалып, Каракол шаардык милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилгени белгилүү болгон.
Ысык-Көлдүн тескейиндеги Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолунун курулушу 2021-жылы августта башталган. Анын жалпы узундугу 144 чакырым. Төрт тилкелүү, ортосуна тосмо коюла турган жол президент Садыр Жапаровдун демилгеси менен “Кумтөрдүн” акчасына курулуп жатканы маалымдалган.
2023-жылы апрелде президенттин тапшырмасы менен жол курулушун иликтөө үчүн мекемелер аралык комиссия түзүлгөнү кабарланган. 2024-жылы март айында Транспорт жана коммуникациялар министрлигине караштуу Жол-чарба департаментинин Ысык-Көл облусу боюнча аймактык бөлүмү Балыкчы - Бөкөнбаев - Каракол жолунун курулушу 2026-жылы аяктай турганын билдирген.
Кыргызстанда үчүнчү категориядагы бир чакырым автожолду реконструкциялоого 400-600 миң доллар, экинчи категориядагы жолго 1 - 1,5 миллион доллар кетет. Бир чакырым жаңы жолду курууга татаалдыгына жараша 2 миллион доллардан ашык каражат сарпталат.
