Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

ТИМ Швейцариядагы жарылуудан жабыркагандар арасында кыргыз жарандары жок экенин билдирди

0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Швейцариянын Кран-Монтана курортундагы жарылуудан каза болгондорго байланыштуу көңүл айтты. Бул тууралуу билдирүү 1-январда жарыяланды.

Ага ылайык, баштапкы маалымат боюнча жарылуудан каза тапкандардын жана жабыркагандардын арасында Кыргызстандын жарандары жок.

Жаңы жыл түнү Швейцариянын Кран-Монтана тоо-лыжа курортундагы эл жык толгон барда болгон жарылуудан 40ка жакын адам каза таап, 100гө жакыны жаракат алды. Швейцария бийлиги 1-январда билдиргендей, жараат алгандардын көбүнүн абалы оор.

Өлкөнүн түштүк-батышындагы курортто жайгашкан Le Constellation аттуу барда өрт түнкү саат 1:30да тутанган. Жарылуунун так себеби азырынча белгисиз, бирок бийлик өкүлдөрү бул окуя кырсык катары каралып жатканын, кол салуу ыктымалдыгы четке кагылганын билдирди.

"Азыркы учурда биз муну өрт кырсыгы катары карап жатабыз жана кол салуу болгон деген версияны карабайбыз", - деди прокурор Беатрис Пилоид маалымат жыйынында. Ал толук иликтөө башталганын кошумчалады.

Курман болгондордун арасында чет өлкөлүк жарандар да бар экенин Вале аймагынын коопсуздук боюнча жетекчиси Стефане Ганзу билдирди. Жабыркагандар Сион, Лозанна, Женева жана Цюрих шаарларындагы ооруканаларга жеткирилген.

Буга чейин полиция аймак толугу менен жабылып, курорттун үстүнөн учууга тыюу салынганын билдирген. Куткаруу иштерине 10 тик учак жана 40 тез жардам унаасы тартылган.

Швейцариянын федералдык президенти Ги Пармелен X социалдык тармагы аркылуу курман болгондордун жакындарына көңүл айтты.

Кран Монтана – Швейцариянын Вале кантонунда жайгашкан абройлуу тоо-лыжа курорту. Бул курортто жалпы узундугу 130 чакырымды түзгөн лыжа трассалары бар.

Январь айынын аягында бул курортто лыжадан ылдам ылдый түшүү боюнча эл аралык мелдештер өтөрү күтүлүп жаткан.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России