Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Венесуэла президентинин милдетин аткаруучу болуп Делси Родригес дайындалды

0

Венесуэланын Жогорку соту мамлекет башчысынын милдетин вице-президент Делси Родригес аткарат деген токтом чыгарды. Жогорку соттун токтомун Reuters агенттиги жарыялады. Ага ылайык, Родригес "башкаруунун үзгүлтүксүздүгүн" жана "өлкөнү ар тараптуу коргоону" кепилдеши керек.
Бир күн мурун Родригес мамлекеттик телеканал аркылуу чыгып сүйлөп, Венесуэланын “жалгыз мыйзамдуу президенти” деп Николас Мадурону атаган жана АКШдан аны тез арада бошотууну талап кылган. Родригес Венесуэлага каршы "куралдуу баскынчылыкты” айыптаган жана өлкөнүн коргонуу кеңеши ишке киришкенин билдирген. Анын сөзүнө караганда, өкмөт өлкөнү коргоого даяр. Родригес элди биримдикке жана тынчтыкка чакырган.

Теле кайрылуу учурунда аны менен чогуу Венесуэла бийлигинин бир катар өкүлдөрү, анын ичинде бир тууганы – Венесуэланын Улуттук жыйынынын башчысы Хорхе Родригес, ички иштер министри Диосдадо Кабельо жана коргоо министри Владимир Падрино Лопес отурушту.
Андан бир нече саат мурда АКШнын президенти Дональд Трамп маалымат жыйынын өткөрүп, Венесуэлада “бийлик тийиштүү өткөрүлүп берилгенче” жана “Американын шарттары аткарылганча” мамлекетти АКШ башкарарын билдирген.

Трамп Венесуэланын вице-президенти Делси Родригес АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио менен сүйлөшүп, Америка менен кызматташууга даярдыгын билдиргенин айткан. Трамп ошондой эле оппозициянын лидери, Нобель сыйлыгынын ээси Мария Корина Мачадого “өлкөдө колдоосу жана сыйы жоктугунан улам лидер болуу оор болорун” билдирген.
Мурдараак Мачадо Венесуэланын президенти деп 2024-жылкы президенттик шайлоодо оппозициялык күчтөрдүн эсебинде утуп чыккан Эдмундо Гонсалести таануу зарыл деп жарыялаган.
3-январга караган түнү АКШ Венесуэлада атайын операция жүргүзүп, бул өлкөнүн президенти Николас Мадурону жана жубайын кармап кеткенин расмий жарыялады.Борбор калаа Каракаста бул түнү бир нече жерде жарылуу болгону кабарланган. Мадуро өлкө АКШнын чабуулуна кабылганын билдирип, өзгөчө кырдаал жарыялаган.Венесуэланын президенти Николас Мадурого жана анын жубайы Силия Флореске АКШда Нью-Йоркто айып тагылды. Николас Мадуро Америка Кошмо Штаттарына каршы максатта баңгизат терроризми, кокаин импорту, курал жана жардыргыч зат сактоо боюнча кутум уюштурган деп айыпталып жатканын 3-январда АКШнын башкы прокурору Памела Бонди билдирди.New York Times укук коргоо органдарындагы булактарына шилтеме берип, Мадуро жана анын аялы тик учак менен Бруклинге жеткирилгенин, ал жактагы убактылуу кармоо борборунда сотту күтөрүн жазды.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России