Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Трамп Венесуэла бийлигин "кызматташууга" чакырып, болбосо "кымбат кун" төлөрүн эскертти

0

Дүйшөмбүдө АКШ жүргүзгөн операциянын жүрүшүндө кармалган Венесуэланын президенти Николас Мадуро жана анын жубайы Силия Флорес Нью-Йорктогу федералдык соттун алдына биринчи жолу алып келинет.

Буга чейин федералдык соттун судьясы айыптоо корутундусун жарыялаган. Анда Мадурого, анын жубайына жана дагы төрт адамга төрт берене боюнча айып тагылган. Айыптардын арасында "маңзат террорчулугу" жана кокаинди импорттоону уюштурууга багытталган кутум да бар.

Жекшембиде АКШ президенти Дональд Трамп журналисттерге Венесуэла АКШ менен кызматташпаса, жаңы сокку урууга буйрук бериши мүмкүн экенин айтты. Колумбия менен Мексиканы аскердик аракеттер менен сестендирип, Кубадагы коммунисттик режим "кыйроого аз калгандай көрүнүп турат" деп билдирди.

"Алар, кантип кармалып турушканын билбейм. Азыр Кубанын эч кандай кирешеси жок. Бардык кирешеси Венесуэладан, анын мунайынан келип турган", - деди Трамп Air Force One учагынын бортунан.

The Atlantic журналына курган маегинде АКШ президенти Венесуэланын президентинин милдетин убактылуу аткарып жаткан Делси Родригес "туура жолго түшпөсө, өтө жогорку бааны төлөөгө туура келерин, анын куну Мадуронукуна караганда кымбатка түшөрүн" эскертти.

Трамп АКШга "Гренландия өтө керек" экенин кошумчалады.

Родригес Дональд Трампка кайрылуу жолдоп, венесуэлалыктар "согушка эмес, тынчтыкка татыктуу" экенин билдирди.

"Бул ар дайым президент Николас Мадуронун позициясы болуп келген жана азыр бул бардык венесуэлалыктардын позициясы. Бул мен ишенген Венесуэла, өмүрүмдү арнаган Венесуэла", - деп айтылат Correo del Orinoco гезитинде жарыяланган билдирүүдө.

Анын айтымында, АКШ менен Венесуэланын ортосунда "тең салмактуу жана өз ара сый-урматка негизделген эл аралык мамилелерди куруу" маанилүү.

"Биз АКШ өкмөтүн эл аралык укуктун алкагында, жалпы өнүгүүгө багытталган жана эл аралык коомчулукта бекем жана туруктуу чогуу жашоону чыңдаган кызматташтык программасын иштеп чыгуу боюнча биргелешип иштөөгө чакырабыз", - деди Родригес.

Ишембиде Николас Мадуро жана анын жубайы кармалып, АКШга жеткирилгенден көп өтпөй, өлкөнүн вице-президенти Делси Родригес Венесуэланын мамлекеттик телеканалынан элге кайрылуу жасады. Анда ал Николас Мадурону "өлкөнүн жалгыз мыйзамдуу президенти" деп атап, АКШдан аны бошотууну талап кылды. Венесуэлага каршы жасалган "куралдуу агрессияны" кескин айыптады.

3-январга караган түнү АКШнын аскер күчтөрү Венесуэланын борбору Каракастагы аскердик объектилерге сокку уруп, өлкөнүн президенти Николас Мадуро менен анын жубайы Силия Флорести кармап кетишкен. АКШ бийлиги Мадурону Венесуэланын легитимдүү президенти деп эсептебейт жана аны менен кошо Флорести "маңзат террорчулугуна", курал-жарак сактоого жана маңзаттарды аткезчилик менен ташууга айыптап келет. Ишемби күнү кечинде алар Бруклиндеги абакка жеткирилди.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России