Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

МИК өлкө боюнча 80 миңден ашуун батирди куруп жатканы белгилүү болду

0

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде "Кыргызстан элет жеринде да шарты бар турак жайларды курууну көздөп жатканын, мындай миссия Мамлекеттик ипотекалык компанияга жүктөлгөнүн" айтты.

Жапаровдун белгилешинче, 2026-жылы республика боюнча 20021 батирди пайдаланууга берүү пландалууда.

Ага ылайык, Бишкекте 6 323, Чүйдө 3 129, Манаста 3 219, Ысык-Көлдө 2 266, Ош облусу 1 458, Ош шаарында 1 454, Баткенде 1 420, Нарында 433, Таласта 319 батир бүткөрүлөт.

Учурда республика боюнча жалпы аянты 5,4 млн чарчы метр 80 245 батир курулуп жатат.

"МИКтин программасы аркылуу 10–15 жыл ичинде бүткүл айыл жергелеринде да Европадагыдай шарттары бар заманбап турак жайларды куруп берүүнү максат кылдык. МИКке дал ушундай тарыхый миссия жүктөлгөн. Эгер МИК үстүнө акча кошпой бере берсе, анда келечекте бул миссияны аткара албай калат", - деген Жапаров.

Борбордо МИК курган турак жайлар 25 жылга, алгачкы төлөмсүз, 1 чарчы метринин баасы курулуш жайгашкан районуна жараша 900 доллардан 1000 долларга чейин “Социалдык”, “Жеңилдетилген” жана “Арзан” ипотека багыттары боюнча берилет.

“Социалдык ипотека” калктын аялуу катмарына каралган. “Жеңилдетилген ипотеканы” бюджеттик мекемеде иштегендер жылдык 4% менен, алгачкы төлөмсүз алышат. “Арзан ипотека” жылдык 8% менен, алгачкы төлөмсүз берилет.

Ал эми чет жерде иштегендер үчүн үлүштүк негиздеги батирлер сунушталат. Алар батирдин 50% алгачкы төлөм катары төгүшкөнгү үчүн турак жай кезегине турбайт. Калган бөлүгү 15 жылга чейинки мөөнөткө бөлүп төлөнөт.

“Үлүштүк курулуш” механизми боюнча батирдин 1 чарчы метринин баасы жайгашкан аймагына жараша 1000 АКШ долларынан 1 400 АКШ долларына чейин жетет. Шаар четиндеги райондордо баа төмөнүрөөк болсо, “элитный” жана “алтын квадрат” деп аталган борбордук аймактарда жогору болот. Базардагы бааны ала турган болсок, ошол эле райондогу жаңы курулуп жаткан, ремонту жок (котлован деңгээлиндеги) турак жайлардын 1 чарчы метри 2000-3000 долларга чейин жетет. Ал эми МИКтин объектилери “под ключ” системасында, толук бүткөрүлгөн абалда кыйла жеткиликтүү баада сунушталууда", - деген Жапаров.

Президент МИК батирлердин өздүк наркына бир аз акча кошууга аргасыз экенин, болбосо азыркыдай масштабдуу курулуштарды жүргүзө албай турганын айткан. Төгүлгөн акча Мамлекеттик ипотекалык компаниянын ишмердүүлүгүн башка жаңы обьектилерди улантуусуна жардам болуп жатканын белгилеген.

Компаниянын учурдагы капиталы 87,5 млрд сом экенин, келечекте 200 миллиард сомго жеткирүү пландалып жатканын, батир курууда 25 жылдык мөөнөт, инфляциянын таасири жана компаниянын минималдуу кирешеси да эске алынууга тийиш экенин кошумчалаган.

Президенттин маалыматында, 2025-жылы Кыргызстанда 4662 үй-бүлө турак жай менен камсыз болгон. 2024-жылы бул көрсөткүч 1 197 үй-бүлөнү түзгөн. (ST)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России