Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Депутат Бекешев ботаникалык бакка футбол аянтча курууга тыюу салууга чакырды

0

Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев Бишкектеги Гареев атындагы ботаникалык бакка футбол аянтчаларын куруу демилгесине каршы пикирин 14-январда парламенттин жалпы отурумунда билдирди. Ал президентке кайрылып, ботаникалык бактарда уникалдуу өсүмдүктөр бар экенин эске алуу менен мындай демилгелерге тыюу салууну суранды.

"2022-жылы ботаникалык бактарды сактоо жана өнүктүрүү чаралары тууралуу" атайын токтом кабыл алганбыз. Токтомдо ботаникалык бактарды өнүктүрүү жолдору көрсөтүлгөн. Бизде болсо футбол талаасын курганы жатышат. Мен футболду өнүктүрүүнү колдойм. Бирок ботаникалык бакта эмес. Бул бак бишкектиктерге эле керек эмес, жалпы Кыргызстанга керек. Бүгүн ботаникалык бакка адамдар сейилдегени, эс алганы келишет. Бизде футбол аянттары үчүн жер толтура. Президенттен да буга көңүл буруусун суранам. Ал жакта футбол талаасынын кереги жок", - деди Дастан Бекешев.

Гареев атындагы ботаникалык бакка президенттин иш башкармалыгы футбол талааларын куруп жатканын бактын басма сөз кызматы маалымдаган. Ага ылайык, ботаникалык бакта эки футбол талаасынын курулушу башталып, пайдубалы куюлган. Басма сөз кызматы бакта ошондой эле балдар аянтчасы, велосипед сүйүүчүлөр жана жөө адамдар чуркоочу жолдор куруларын маалымдаган.

Президенттин иш башкармалыгы бул боюнча маалымат бере элек.
2023-жылдын мартында президент Садыр Жапаров ботаникалык бакка барганда аны реконструкциялоону тапшырган. Ал бул жай Улуттук илимдер академиясынын курамында калып, анын илимий бөлүгүнө көбүрөөк көңүл бурулушу керек экенин билдирген. Ошол эле маалда “бакта жарандардын эс алуусу үчүн шарттар түзүлүп, шаардыктардын жана борбор калаанын конокторунун сүйүктүү эс алуу жайына айланышы керектигин” белгилеген.
Былтыр октябрда Министрлер кабинети Ботаникалык бакты жаңылоого 340 млн сом керек деп эсептелгенин маалымдаган.
1938-жылы негизделген "Ботаникалык бак” институтунун жалпы аянты 170 гектар. Анын 150 гектары Иса Ахунбаев көчөсүндө, 20 гектары Максим Горький көчөсүндө жайгашкан. Горький көчөсүндөгү бөлүгү буга чейин реконструкцияланган.(ZKo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России