Кара-Кулжадагы жер көчкү түшкөн жер такталып жатат
Өзгөчө кырдаалдар министрлиги (ӨКМ) кызматкерлери Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айыл аймагынын Шаркыратма айылында 14-январда жер көчкү түшкөнү тууралуу маалыматты тактап жатат. Министрликтин адистери жер көчкү түшкөн аймакка жөнөп кетишти.
Мекеменин басма сөз кызматы кабарлагандай, ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын, райондук бөлүмдүн жетекчилери, өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо департаментинин кызматкерлери жер көчкүнүн көлөмүн, кооптуулугун жана башка маалыматтарды такташат.
Кара-Кулжа районундагы Ылай-Талаа айылында жер көчкү түшкөнү тууралуу маалыматтар соцтармактарга жарыяланган. Андагы тасмаларда жер көчкү үйлөргө жакындап калганын көрүүгө болот.
ӨКМ Кыргызстанда ушул тапта 3817 үй-бүлө жер көчкү коркунучу бар аймактарда жашап жатканын билдирген. Алардын көбү Ош облусунда экени айтылган. Калган кооптуу аймактар катары Ош шаары, Баткен жана Жалал-Абад облустары аталган.
Кыргызстанда жер көчкүлөрдүн 93% Ош жана Жалал-Абад облустарында. Бул аймактарда адам өлүмү менен коштолгон жер көчкүлөр бир нече жолу катталган.
2003-жылы Өзгөндө жер көчкү бир айылды басып калып, 40 адам набыт болгон. 2009-жылы Аксыда жүргөн жер көчкүдө Райкомол айылынын 16 тургуну көз жумган, анын 11и балдар болчу. 2017-жылы жер көчкү Өзгөн районунун Зергер айыл аймагындагы Аю-Сай айылында жети үйдү басып, 24 киши анын алдында калган. Беш күн бою жүргүзүлгөн издөө, казуу иштеринде сегиз кишинин сөөгү табылган. (ZKo)
