Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

АКШ 75 өлкөнүн жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотот

0

АКШнын Мамлекеттик департаменти 75 өлкөнүн, анын ичинде Кыргызстандын жарандарына иммиграциялык виза берүүнү убактылуу токтотуу чечимин кабыл алды. Бул тууралуу кызматтык катка шилтеме менен Fox News телеканалы кабарлады.

Маалыматка ылайык, ошол 75 өлкөнүн арасында Казакстан, Өзбекстан, Азербайжан, Орусия, Грузия, Молдова, Сомали, Ооганстан, Иран, Египет, Ирак жана башкалар бар.

Бул маалыматты Ак үйдүн басма сөз катчысы Кэролайн Ливитт Х социалдык тармагындагы постунда бышыктады.

Жаңы эреже 21-январда күчүнө кирип, канчага созулары белгисиз. АКШнын консулдук кызматкерлерине ошол мамлекеттердин жарандарына виза берүүдөн баш тартуу буйругу берилди.

Мамдепартаменттин басма сөз катчысы Томми Пигготт АКШ виза сурап кайрылгандардын документтерин текшерүү жол-жобосун кайра карап чыгып жатканын түшүндүрдү. Бул чара “социалдык жана мамлекеттик жөлөк пул алышы мүмкүн болгон кишилердин келишин алдын алууну көздөйт”. Пигготтун айтымында, алар өлкөгө жүк болуп, “Америка элинин берешендигинен кыянат пайдаланышы мүмукүн”.

Былтыркы ноябрда мекеме тараткан катка ылайык, андай категорияга жашы улгайган, ооруга чалдыккан, тилди билбеген, финансылык абалы начар жана узак мөөнөттүү медициналык тейлөөгө муктаж болушу мүмкүн деген кишилер киргизилген.

6-январда Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесине Кыргызстанды кошкону маалым болгон.

Мамдепартаменттин сайтында белгиленгендей, тизмедеги мамлекеттердин жарандары B1/B2 (туристтик жана иш сапар визасы) визаларын алуу үчүн арыз тапшырып, жарактуу деп табылса 5, 10 же 15 миң доллар өлчөмүндө күрөө (visa bond) төлөөгө милдеттүү болот. Күрөөнүн көлөмүн маектин жүрүшүндө консул аныктайт.

Бул эреже дагы 21-январда күчүнө кирери маалымдалган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России