Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Иран аба мейкиндигин жапты, абадан коргонуу күчтөрүн даярдыкка келтирди

0

Иран өлкөнүн аба мейкиндиги жарандык авиация үчүн жабылганы тууралуу тиешелүү эл аралык мекемеге расмий эскертти. Маалыматка караганда, атайын уруксаты бар эл аралык каттамдар гана аткарылып турмакчы.

Муну менен катар Иран Ислам революциясынын сакчылар корпусунуна аба күчтөрүн жана абадан коргонуу бөлүктөрүн күжүрмөн даярдыкка келтиргени кабарланды.

Мындай кадамдар Кошмо Штаттардын Ирандагы демонстранттарды ырайымсыз, күч менен басканы үчүн Тегеранга каршы аскердик аракет ыктымалдыгы жогору деген билдирүүлөрүнүн фонунда жасалууда.

Ошол эле күнү Рейтер агенттиги бир катар булактарга таянып АКШнын учак ташыган чабуул коюучу кемеси Түштүк-Кытай деңизинен Жакынкы Чыгышка бет алганын, болжол менен бир жумада аймакка жетерин жазды.

Буга чейин Пентагон Катардагы Ал-Удейд авиабазсындагы аскрелердин санын кыскартары кабарланган. Расмий булактардын айтымында, алдын алуучу чара аскерлерге жаралган коркунучту азайтууга багытталган.

Иран менен чек арадан 200 километрдей алыс орун алган базада АКШнын 10 миңдей жоокери жайгашкан.

Былтыр июнда 12 күндүк согуш учурунда АКШ жана Израил ал өлкөнүн өзөктүк жайларына сокку урганда Ислам жумурияты Катардагы аскер базасына 19 ракета атканы тынчсызданууга жем таштаган.

Американын андан тышкары Кувейт жана Бириккен Араб Эмираттарында да базалары бар, бирок маалыматтарга караганда, ошол мамлекеттер Вашингтонду аскердик чара көрбөөгө чакырышкан.

Аймактагы чыңалуудан улам германиялык Lufthansa, Австрия, Швейцария, Брюссел аба жолдору, Air Astana авикомпаниялары каттамдары Ирандын аба мейкиндигин кыйгап өтүп учарын билдирди.

Бир катар өлкөлөр Тегерандагы элчиликте иштеген айрым кызматкерлерин чыгарып кетип, өз жарандарына Иранга барбай турууну эскертишүүдө.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России