Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Декларация: Шаирбек Ташиев бир жылда 12,6 млрд сомдук мүлкүн каттады

0

Жогорку Кеңештин депутаты Шаирбек Ташиев 2024-жылдагы киреше-чыгашалары тууралуу декларациясында 2,5 миллион сом киреше тапканын маалымдап, 12 миллиард 637 миллион сомдук жаңы кыймылдуу мүлкүн каттады.

Кыймылдуу мүлккө накталай акча, баалуу кагаздар, акциялар, ар кандай транспорттор, түрдүү техникалар, жабдуулар, чийки заттар, зер буюмдары, товарлар, буюм-тайымдар жана башкалар кирет.

Шаирбек Ташиев өз маалыматында кандай кыймылдуу мүлкү бар экенин жана аны кайдан тапканын тактаган эмес.

Депутаттын 2023-жылдагы декларациясында бул мүлк тууралуу маалымат берилген эмес болчу. Жылдык тапкан расмий кирешеси анда 1,9 млн сомду түзгөнү жана бир үйгө (3972,37) ээ экени жазылган. Жакын туугандарынын киреше-чыгашасы тууралуу маалымат берилген эмес.

Шаирбек Ташиев 2021-жылы Жогорку Кеңешке Жалал-Абад бир мандаттуу округунан депутат болуп шайланган. 2025-жылы Манас шаарынын жана Сузак районунун бир бөлүгү кирген округдан кайрадан утуп келип, мандат алды. Ал вице-премьер-министр, УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси.

Буга чейин президент Садыр Жапаровдун декларациясы жарыяланып, анда мамлекет башчынын 2024-жылы легалдаштырган 1 млрд 163,5 млн сом каражаты бар экени, 2627 чарчы метрлик соода борборго, эки жер тилкесине жана 100 миң сомдук бир жеңил унаага ээлик кылары маалым болгон. Жапаров өзү 2,2 млн сом, жакын тууганы 29,7 млн сомдук киреше табышкан.

Кыргыз өкмөтү 2024-жылы жалпы жарандар үчүн декларация тапшырууну жоюп салган. Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлер декларация тапшырууну улантууда.

2024-жылдын жыйынтыгы боюнча декларациялар 2025-жылдын 31-декабрынан 2026-жылдын 9-январына чейин беш бөлүк менен жарыяланды. Салык кызматы билдиргендей, жалпысынан 63209 декларация тапшырылган, анын 1403ү мамлекеттик саясий, жогорку административдик жана атайын кызматты ээлеген жетекчилер. Талдоолордун жыйынтыгы менен анын 12% же 7343 декларация мекеменин расмий сайтына жарыяланган. (KAb/ErN)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России