Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Министрдин орун басары “Кара кыргыз” сериалын көрсөтүү токтотулган себебин түшүндүрдү

0

Жогорку Кеңештин Илим, билим берүү, инновациялык өнүгүү жана маалыматтык технологиялар, маданият комитети 19-январда Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин алдындагы Кинематография департаментинин ишмердүүлүгү тууралуу маалыматтарын укту.

Депутат Болот Сагынаев 2025-жылы тартылган “Кара кыргыз” сериалына 40 миллион сом жумшалып, бир сериясы көрсөтүлгөн соң токтотулуп калганын айтып, себебин сурады.

“Кыргызсериал” мамлекеттик мекемесинин директору Эрмек Амантур уулу сериалга 35 миллион сом кеткенин, Кинематография департаменти аны көрсөтүүгө убактылуу бөгөт койгонун айтты.

Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Марат Тагаев сериалдын кадрларында техникалык мүчүлүштүктөр болгондуктан ал эфирден убактылуу алынганын, оңдолгондон кийин кайра УТРКдан жана жеке каналдардан көрсөтүлө турганын билдирди.

“Кара кыргыз” сериалы 27-декабрдан тартып Улуттук телерадиокорпорациясынан көрсөтүлө баштаган. Ал күнү биринчи сериясы берилгенден кийин көрсөтүү токтотулуп, кийин интернеттеги платформалардан да алынган.

"Кара кыргыз” көркөм сериалы 1917–1924-жылдардагы Кыргызстандагы татаал тарыхый доорду чагылдырып, Үркүндөн кийинки кыргыз элинин тагдыры, бийлик боштугу жана улуттук мамлекеттүүлүк үчүн күрөштү баяндайт. Окуя 16 жаштагы Жусуп Абдрахмановдун тагдыры аркылуу өөрчүп, Абдыкадыр Орозбеков, Ишеналы Арабаев, Иманалы Айдарбеков, Абдыкерим Сыдыков сыяктуу тарыхый инсандардын эл үчүн жүргүзгөн күрөшүн камтыйт.

Түркстан автономиясынын кулашы, Кандуу Кокон окуялары, ички карама-каршылыктар жана советтик репрессиялар сериалдын негизги драмалык өзөгүн түзөт. Улуттук биримдик, адилеттүүлүк жана эркиндик идеялары башкы тема катары берилет.

Долбоор “Кыргызсериал” мамлекеттик мекемесинин каржылоосу менен “АРНА” продакшн тарабынан ишке ашырылган. Биринчи сезондо 4 серия көрүүчүлөргө тартууланмак. Режиссеру Сүйүн Откеев, башкы продюсери Жеңишгүл Өзбекова. (ErN)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России