Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Январь
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18 19 20 21 22 23 24
25
26
27
28
29
30
31

Казакстанда Кытайдын желегин өрттөп акция өткөргөн активисттердин соту башталды

0

Талдыкоргон шаарында "Нагыз Атажурт" кыймылынын 19 активистине "улуттар аралык кастыкты козутууга" байланыштуу сот иши жабык карала башталды. Отурумга журналисттердин катышуусуна уруксат берилген жок. Соттолуп жаткан активисттердин туугандарынын ишти ачык кароо өтүнүчү канааттандырылган жок.

"Нагыз Атажурттун" 13 активисти былтыр 13-ноябрда казак-кытай чек арасына жакын жердеги Калжат айылында акция өткөргөндөн кийин кармалган бойдон абакта. Дагы алты мүчөсү үй камагында. Акция маалында жалпысынан Шинжаңдагы мусулман элдерин куугунтуктоону токтотууну талап кылган митингчилер июль айында Кытайга барган жеринен кармалган казак жараны Алимнур Турганбайды бошотууну да талап кылышкан. Акция маалында катышуучулар Кытайдын желектерин жана ал мамлекеттин жетекчиси Си Цзиньпиндин сүрөтүн өрттөшкөн.

Акция катышуучулары ошол эле күнү кармалып, "майда бейбаштыкка" байланыштуу административдик иштин алкагында айыппул салынып, 15 күнгө абакка отургузулган.

Андан көп узабай "Нагыз Атажурттун" активисттерине кылмыш иши ачылып, 13 кишинин абактагы мөөнөтү узартылган. Укук коргоочулар кылмыш ишинин ачылышына Кытай тараптан басым түрткү болгонун, Казакстандын тышкы иштер министрлигине жөнөтүлгөн нааразылык нотасында "Коңшулаш коммунисттик мамлекеттин улуттук ар намысына, кадырына шек келтирилип, мамлекеттик символдор мазакталганына байланыштуу олуттуу чаралар көрүлүшү талап кылынганы" кабарланган. "Нагыз Атажурттун" 19 мүчөсүнө ачылган кылмыш ишинде алар "эки элдин ортосундагы достукка доо кетирип, интернет платформалар аркылуу улуттар аралык кастыкты козутууга атайлап аракеттенгени" жазылган.

Айыпталуучулардын адвокаттары мындай айыптоого макул эместигин, активисттер Кытайды мамлекет, же улут катары сындабастан, ал өлкөнүн саясатын сындашканын айтышат. Human Rights Watch баш болгон бир нече эл аралык укук коргоо уюму казак бийликтерин "Нагыз Атажурт" кыймылына каршы кылмыш ишин токтотуп, кармалган активисттерди бошотууга үндөп келатышат.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России