Акыйкатчы өсмө оорулууларды дарылоодогу көйгөйлөргө көңүл бурууга чакырды
Акыйкатчы (омбудсмен) Жамиля Жаманбаева мамлекеттик тийиштүү органдарды жарандардын дарылануу укугун камсыздоого жана өз убагында сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө чакырган билдирүү таратты. Билдирүү акыйкатчы институтунун кызматкерлери 2025-жылы Улуттук онкология жана гематология борборуна жана андагы балдар бөлүмүнө мониторинг жүргүзүшкөндөн кийин жарыяланды.
Мекеменин 30-январдагы маалыматына караганда, текшерүүнүн жыйынтыгында өсмө (рак) ооруларына чалдыккан жарандарга жардам көрсөтүү сапатынын төмөндүгү жана бейтаптардын укуктары бузулары аныкталган.
"Ооруканада нур менен дарылоочу аппараттар, заманбап жана сапаттуу диагностикалык жабдуулар, адистер, жашоо үчүн маанилүү дары-дармек жана стационардык орундар жетишсиз. Мындай абал бейтаптардын саламаттыгынын начарлашына, онкологиялык оорудан каза болгондордун санынын өсүшүнө гана эмес, бейтаптардын үй-бүлөлөрүнүн социалдык-экономикалык абалынын начарлашына дагы алып келүүдө. Себеби мамлекеттик ооруканадан сапаттуу медициналык жардам ала албаган жарандар менчик ооруканаларга же болбосо чет өлкөгө барууга аргасыз", - деп жазылган билдирүүдө.
Ошондой эле нур менен дарылануу үчүн бейтаптар аталган борбордо бир, эки жумалап кезек күтүшөрү, үч аппараттын экөө (Elekta Synergy жана Elekta Synergy Platform) иштебей калгандыктан эскилиги жеткен Babatron аппаратынын жардамы менен гана дарылоо жүргүзүлүп жатканы айтылган.
Улуттук онкология борборунун маалыматына ылайык, акыркы беш жыл ичинде залал шишикке чалдыкканы алгач аныкталган бейтаптардын болгону 25,6 пайызы гана нур терапиясын ала алышкан.
Акыйкатчы эл аралык талаптарга ылайык, 300 миң жаранга бирден нур менен дарылоочу аппарат болушу керектигин, Кыргызстандын 7 миллион калкы үчүн кеминде 20 аппарат зарылдыгын белгилөөдө.
Маалыматта ошондой эле Онкология борборунда нурлануудан коргоочу атайын каражаттар, термопластикалык беткаптар жетишсиздиги, мындай беткаптар балдар бөлүмүндө такыр жоктугу, ооруканада зарыл болгон 80 аталыштагы дары-дармек жоктугу айтылат. Борборду дары-дармек менен толук камсыз кылуу үчүн кеминде 2,5 млрд сом талап кылынат.
"Борбордо бир гана УЗИ аппараты жана 2014-жылдан берки, эски маммограф иштейт. Ангиограф, заманбап эндоскопиялык жана лапароскопиялык системалар жетишсиз", - деп белгилеген акыйкатчы жалпысынан учурда мамлекеттик бюджеттен бөлүнгөн каражат жетпесин кошумчалаган.
Маалыматка ылайык, 2018–2024-жылдары бул тармакка жыл сайын 3 млн сомдой каражат бөлүнүп келсе, 2024-жылы 176 млн сомго, 2025-жылы 800 млн сомго чейин көбөйтүлгөн. Акыйкатчы Улуттук онкология борборунун муктаждыгын толук жабуу үчүн 4,5 млрд сом талап кылынарын белгилеген.
Мониторингдин жыйынтыгында акыйкатчы Жамиля Жаманбаева аныкталган мыйзам бузууларды жоюу боюнча Министрлер кабинетине, Финансы министрлигине, Саламаттык сактоо министрлигине жана "Кыргызфармация" мамлекеттик ишканасына сунуштамаларды жөнөтүп, тармакка көңүл бурууга жана тийиштүү чараларды көрүүгө чакырды.
Өсмө оорулары менен өлкөдө 35 миңден ашуун бейтап каттоого алынган.
2014-жылы жылына орто эсеп менен 70 баладан рак илдети аныкталса, 2023-жылдан тартып бул көрсөткүч 200дөн ашкан. Көбүнчө курч лимфобласттык лейкоз, мээ шишиктери, нейробластома жана нефробластома диагноздору коюлат.(ZKo)
