Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Жерүй алтын кенинде үч жумушчуну тоо тек басып калып, бири каза тапты

0

Таластагы Жерүй алтын кенинде 27-январда шахта көчүп, анда иштеп жаткан төрт шахтерду басып калганы, натыйжада бир адам набыт болуп, калгандары жаракат алганы тууралуу маалыматтар соцтармактарда тарады.
Кенди иштетип жаткан "Альянс Алтын" компаниясы 2-февралда берген маалыматында кырсык болгонун ырастады. Бирок адам өлүмү же жаракат алган жарандар тууралуу маалымат берген жок.
"27-январь күнү башкы подрядчы "БПК" ишканасынын кызматкерлери бекемдөө иштерин жүргүзүп жаткан жерде тоо тек үймөгү ажыраган. Окуя болгон учурда тилкеде төрт жумушчу болгон. Окуянын себептерин жана жагдайларын аныктоо үчүн ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардан турган мекемелер аралык комиссия түзүлдү", - деп жазылган ишкананын билдирүүсүндө.
Кийинчерээк Талас облустук милициясы маалымат таратып, кырсыкта бир киши каза таап, экөө жараат алганын тастыктады.
"2026-жылдын 27-январында Талас районундагы “Альянс Алтын” жоопкерчилиги чектелген коомунан билдирүү түшкөн. Анда бир жаранды Жерүй алтын кенинен таш басып каза болгонун айткан. Билдирүү маалыматтардын электрондук журналына катталып, тергөөгө чейинки текшерүү иши башталган. Окуя болгон жерге дароо облустук, райондук милициянын жетекчилиги жана тергөө ыкчам тобу барган. Текшерүүнүн жүрүшүндө казуу иштерин жүргүзүп жаткан учурда тоо-таш кулап, 1975-жылы туулган жаранды таш басып калганы аныкталган. Мындан сырткары чогуу иштеп жаткан эки жаран алган жаракаттарынан улам ооруканага кайрылышкан. Каза болгон жаранга карата соттук-медициналык экспертиза дайындалып, тиешелүү кызматтарга суроо-талап жөнөтүлгөн", - деп жазылган милициянын кабарында.

Мындан тышкары жабыр тарткандар көрсөтмө бергенин, факты боюнча эч кимге дооматы жоктугун билдиришкенин кошумчалады. (ZKo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России