Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

АКШ менен Иран сүйлөшүүлөрдүн мазмуну боюнча мунаса таппаганы кабарланды

0

АКШ бийлиги Иран менен 6-февралга пландалган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдөн баш тартты. Бул тууралуу Axios агенттиги америкалык аткаминерлерге шилтеме кылып билдирди.

Басылманын маалыматына караганда, мындай чечим Тегеран сүйлөшүүнү Стамбулдан Оманга жылдырууну, Ирандын өзөктүк программасын гана талкуулоону, адам укуктары, баллистикалык ракета, куралдуу топторду колдоо сыяктуу маселелерди күн тартибинен алып салууну сунуштагандан кийин кабыл алынган. АКШнын өкүлдөрү сунушту 4-февралга чейин четке кагып келишкен.

"Биз аларга же булардын баарын талкуулайбыз, же эч нерсе жок дедик. Алар "макул" дешти", - деген америкалык аткаминер. Axios басылмасынын маектеши эгер Тегеран мурдагы форматта сүйлөшүү өткөрүүгө макул болсо, АКШ аны ушул же кийинки жумада өткөрүүгө даяр экенин белгилеген.

"Биз тезинен келишимге жетүүнү каалайбыз, болбосо адамдар башка варианттарын издей башташат", -деп айткан басылманын булагы АКШ президенти Дональд Трамптын аскердик күч колдонуу тууралуу бир нече ирет коркутканына ишарат кылып.

БУУнун алдындагы Ирандын миссиясы басылманын суроосуна жооп берген эмес.

Мурдараак АКШ президенти Иранга сокку уруу мүмкүнчүлүгү каралып жатканын билдирген, бирок январдын аягында Тегеран менен Вашингтондун сүйлөшүүсү тууралуу маалымдап, кийинки чечимдер анын жыйынтыгына жараша кабыл алынарын айткан.

Мындан тышкары Дональд Трамп NBC News каналына курган маегинде тараптардын сүйлөшүүлөрү уланып жатканын айтып, бирок Ирандын жогорку лидери Али Хаменеи "тынчсызданса болорун" белгилеген.

"Ал аябай тынчсызданышы керек, силер билгендей, алар биз менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатышат", - деген Трамп.

4-февраль күнү Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи "АКШ менен өзөктүк программа тууралуу сүйлөшүүлөр 6-февралда Омандын борбору Маскат шаарында өтөрү пландалганын билдирген.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России