Бакуда Тоолуу Карабактын мурдагы жетекчилери өмүр бою абакка кесилди
Бакудагы Аскердик сот Тоолуу Карабак Республикасынын мурдагы жетекчилеринин ишин карап жатат. Бул тууралуу "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун азери кызматы жана Azertac агенттиги жазды.
Маалыматка караганда, аймактын мурдагы президенти Араик Арутюнян, армиянын мурдагы командири Левон Мнацаканян, анын орун басары Давид Манукян, Тоолуу Карабактын парламентинин мурдагы спикери Давид Ишханян, аймактын тышкы иштер министринин мурдагы башчысы Давид Бабаян өмүр бою эркинен ажыратылды.
Иш боюнча жалпысынан 15 адам айыпталууда, алардын арасында таанылбаган Тоолуу Карабактын мамлекеттик министри Рубен Варданян да бар. Алардын бардыгы 2023-жылы Тоолуу Карабак аймагы Азербайжандын көзөмөлүнө өткөндөн кийин кармалган. Айыптоо тарап аларга агрессияны даярдоо жана жүргүзүү, согуш мыйзамдарын жана салттарын бузуу, геноцид, терроризмди каржылоо, бийликти күч менен басып алуу жана киши өлтүрүү өңдүү оор кылмыштарды тагууда.
Армения менен Азербайжандын ортосунда Тоолуу Карабакка байланыштуу аймактык талаш 1980-жылдардын аягынан бери уланып келген. Калкынын басымдуу бөлүгүн этностук армяндар түзгөн Тоолуу Карабак автономдуу облусу Армениянын колдоосу менен Азербайжан ССРинин курамынан чыгарын жарыялап, 1991-жылдын сентябрында Тоолуу Карабак Республикасы түзүлгөнүн билдирген.1988–1994-жылдардагы куралдуу жаңжалдарда бул аймакта 30 миң адам каза болгон. Тоолуу Карабак жана Азербайжандын ага чектеш бир нече райондору Армениянын куралдуу күчтөрүнүн иш жүзүндөгү көзөмөлүнө өткөн. Натыйжада жүз миңдеген адамдар, негизинен этностук азербайжандар качып чыгып, жер которгон.Тоолуу Карабак Бириккен Улуттар Уюмуна мүчө болгон бир да мамлекет тарабынан, анын ичинде Армения тарабынан да расмий таанылган эмес. 1993-жылы БУУ армян аскерлерин Карабак аймагынан чыгарып кетүүнү талап кылган жана бул аймакты Азербайжандын бир бөлүгү катары тааныган төрт резолюция кабыл алган.2020-жылдын сентябрынын аягында кырдаал кайрадан курчугандан кийин Азербайжан Тоолуу Карабактын айланасындагы аймактарды кайрадан өз көзөмөлүнө алып, тарыхый жана символдук мааниге ээ Шуша шаарын (армянча — Шуши) басып алган. Шуша алынгандан кийинки күнү Армениянын премьер-министри Никол Пашинян, Азербайжандын президенти Илхам Алиев жана Орусиянын президенти Владимир Путин Тоолуу Карабакта ок атышпоо тууралуу билдирүүгө кол коюшкан. Макулдашууга ылайык, тараптар документке кол коюлган учурда аскерлер турган аймактарды өзүндө калтырган. Аймакта Орусиянын тынчтык орнотуучу күчтөрү жайгаштырылган.2023-жылдын 19-сентябрында Азербайжан этностук армяндар жашаган Карабак аймактарында "антитеррордук операция" баштаган. Ал өзүн-өзү жарыялаган республиканын бийлигинин багынып бериши менен аяктаган.
