АКШда кыргызстандык мигрант төрт кишинин өлүмүнө айыпталууда
АКШда кыргызстандык мигрант Бекжан Бейшекеев трак менен төрт адамды өлтүрө сүзүп кеткен деген айып менен камалды.
Кошмо Штаттардын Ички коопсуздук департаменти билдиргендей, 3-февралда Бейшекеев жүк ташуучу 18 дөңгөлөктүү автоунаасын каршы тилкеге буруп, жети кишилик машине менен кагышкан. Кырсыкта төрт америкалык жаран каза тапкан. Алар 50 жаштагы Генри Айхер, 25 жаштагы Менно Айхер, 19 жаштагы Пол Айхер жана 23 жаштагы Симон Жирод.
Индиана штатынын полициясынын маалыматына ылайык, адам өлүмү менен аяктаган жол кырсыгы Жей округундагы State Road 67 жана County Road 550 East жолдорунун кесилишинде болгон.
Ички коопсуздук департаменти Fox News телеканалына билдиргендей, Бейшекеев АКШга 2024-жылдын 19-декабрында Аризона штатындагы Ногалес чек ара өткөрмө пункту аркылуу CBP One мобилдик тиркемеси менен кирген.
Департамент Бейшекеевдин "мыйзамсыз мигрант" экенин баса белгилеген. Fox News баш болгон америкалык бир катар маалымат каражаттары жазгандай, Бейшекеевге Пенсильвания штатынын Транспорт департаменти тарабынан коммерциялык айдоочулук күбөлүк (CDL) берилген.
30 жаштагы Бейшекеев учурда миграциялык полициянын Форт-Уэйндеги атайын жайында кармалып турганы кабарланды.
Азырынча Кыргызстандын Кошмо Штаттардагы элчилиги окуя боюнча билдирүү тарата элек.
