Торугарттан Казарманга жаңы жол куруу каралууда
Торугарттан Казарманга жаңы жол куруу пландалып жатканын Нарындагы облустук коллегияда Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
Анын айтуусунда, жаңы жолдун курулушу жакынкы мезгилде башталат жана транзиттик ташуулардын аралыгы менен убактысын кыйла кыскартууга, аймактын логистикалык натыйжалуулугун жогорулатууга мүмкүндүк берет.
Байсалов “Азаттыкка” бул жол Ат-Башыдагы Таш-Рабат жайынан Казарманга мурдагы ат жолдун нугу менен курулуп, Өзбекстанга байланышты күчөтөрүн билдирди.
Өкмөт мүчөсү Нарында бул жолдон тышкары Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун Нарын облусу аркылуу өтүшү бул аймактын өнүгүшү жана көмүр, темир рудасы, боксит кен байлыктарын өздөштүрүүгө жаңы шарт түзөрүн кошумчалады.
Нарын облусунун аймагында Жетим-Тоо темир жана Сандык калай кендери, Кара-Кече көмүр кени жайгашкан. Учурдагы бийлик бул кендерди мамлекеттик ишканалар иштетерин жарыялап келет.
