Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

HRW Казакстандын Конституциясынын жаңы долбоору боюнча кооптонуусун билдирди

0

Эл аралык Human Rights Watch (HRW) укук коргоо уюму Казакстандын Конституциялык комиссиясы сунуштаган өзгөртүүлөр бийлик бутактарынын ортосундагы теңсалмактуулукка жана адамдын негизги укуктарына коркунуч жаратышы мүмкүн экенин эскертти.

Казак бийлиги бул реформаны "мыйзамдуулукту жана тартипти" бекемдөөгө жана саясий системаны модернизациялоого багытталган кадам деп мүнөздөсө, HRW айрым жоболор бүдөмүк жазылганын белгилейт.

Айрыкча коомдук тартиптин жана адеп-ахлактын кызыкчылыгы үчүн укуктарды чектөөгө жол берген формулировкалар сөз эркиндигин, биригүү жана тынч жыйын өткөрүү укуктарын негизсиз чектөөгө колдонулушу мүмкүн деп эсептейт уюм.

Укук коргоочулар саясий партияларга жана кесиптик кошуундарга чет өлкөлүк каржылоого тыюу салуу, өкмөттүк эмес уюмдарды чет элдик колдоо тууралуу маалыматты ачыктоого милдеттендирүү боюнча жоболорду сынга алышты. Алардын пикиринде, бул чара жарандык коомго басымдын күчөшүнө алып келиши ыктымал.

HRW никени "эркек менен аялдын союзу" катары гана аныктаган норма, эл аралык укуктун улуттук мыйзамдардан үстөмдүгү тууралуу жобонун алынып салынышы жана омбудсменди дайындоо тартибинин өзгөртүлүшү өзгөчө тынчсыздануу жаратып жатканын билдирди. Уюмдун баамында, бул укуктук коргоо кепилдиктерин алсыратат.

Human Rights Watch реформаны сындагандарга жасалганы басым-кысымдай белгилей кеткен. Акыркы апталарда сын пикир жарыялаган активисттер менен журналисттерге айып пул салуу, кармоо жана суракка алуу учурлары катталган. Уюм мындай аракеттер коркуу жана өзүн-өзү цензуралоо атмосферасын түзүп, коомдук ачык талкууга доо кетирет деп эсептейт.

"Чыныгы конституциялык реформа укуктарды коргоону бекемдеп, ачык жана ачык-айкын процесс аркылуу ишке ашырылышы керек, бийликти топтоого же башкача пикирди басууга колдонулбашы зарыл", - деди HRWнын Борбор Азия боюнча кеңешчиси Мира Риттман.

Уюм бийликти негизсиз укуктук чектөөлөргө түртүшү мүмкүн делген жоболорду кайра карап чыгууга, реформаны талкуулоого коомчулуктун чыныгы катышуусун камсыздоого жана сын пикир билдиргендерди куугунтуктоону токтотууга чакырды.

Ушул жылдын январь айында президент Касым-Жомарт Токаев өлкөдө жаңы Конституция кабыл алуу зарылдыгын билдирип, конституциялык реформа боюнча комиссия түзүү тууралуу жарлыкка кол койгон.

Комиссия курамына аткаминерлер, депутаттар жана коомдук өкүлдөр кирген.

31-январда преамбуладан жана 11 бөлүмдөн, жалпысынан 95 беренеден турган жаңы Конституциянын тексти жарыяланган. Документ толукталып, референдум 2026-жылдын 15-мартына белгиленген.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России