Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Тилемчилик кылгандарга жазаны катаалдатуу сунушталды

0

Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кыргызстандагы коомдук жайларда тажатма тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү үчүн аларга айып пул салууну, чет жактан келген кайырчыларды мекенине депортациялоону сунуштоодо.

Жогорку Кеңештин Эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция комитети 16-февралдагы отурумунда "Укук бузуулар кодексине", "Тышкы миграция жөнүндө" мыйзамга өзгөртүү киргизүү боюнча" мыйзам долбоорун биринчи окууда карады.

Жыйында ички иштер министринин орун басары Нурбек Абдиев баяндама жасап, мыйзам долбоорунун максаты - тилемчиликтин деңгээлин төмөндөтүү, анын коомдук тартипке тийгизген терс таасирин жоюу экенин билдирди. Абдиев автоунаа жүргөн жолдордо тилемчилик кылууну жоюу менен жол кыймылынын коопсуздугу жогорулай турганын белгиледи. Аялуу катмардагы жарандар кайырчылыкка эксплуатациялоодон корголорун айтты.

"Аялуу адамдарды тилемчиликке мажбурлаган тараптарга катуу санкцияларды белгилөө керек. Бул мыйзам долбоору жакыр, муктаж жарандарды жазалоого эмес, коомдук тартип бузган жана адамдардын коопсуздугуна коркунуч жараткан аракеттерди токтотууга багытталган".

Нурбек Абдиев тилемчилик кылуу акыркы жылдары Бишкек, Ош шаарларында күч алганын белгиледи. Анын сөзүнө караганда, азыркы мыйзамдар тилемчиликтин деңгээлин азайта албай, алдын алууга мүмкүнчүлүк бербейт.

Айрым депутаттар коомдук жайларда жана автоунаа жүргөн жолдордо кайырчылык кылгандар жол кыймылынын коопсуздугуна коркунуч туудурарын айтышты. Мыйзам долбоорунда сунушталып жаткан айып пулдун көлөмү, аны өндүрүү маселеси боюнча суроолор да берилди.

Нурбек Абдиев айып пулдар психикалык жактан оорукчан, кош бойлуу, жаш балалуу аялдарды, улгайган адамдарды же балдарды кайырчылыкка мажбурлаган тараптарга салынарын тактады.

Депутат Ырысбек Атажанов коңшу мамлекеттерден келип, кайырчылык кылган жарандар көбөйүп жатканын белгилеп, аларды депортациялоо зарылдыгын айтты. Ички иштер министринин орун басары долбоордо мыйзамды улам бузуп тилемчилик кылган чет өлкөлүк жарандарды өлкөдөн депортациялоо сунушталып жатканын, чыгарылгандар эки жылга чейин Кыргызстанга кайта албасын кошумчалады.

Айрым депутаттар соцтармактардагы шылуундар тарабынан жасалып жаткан кайырчылыкты да көзөмөлдөө зарылдыгын белгилешти.

Кыргызстанда базарларда, көчөлөрдө, мечиттердин жанында, автоунаа жүргөн жолдордо жаш балдар, балалуу аялдар, улгайган адамдар жана башка тилемчилер көбөйүп жатканы тууралуу нааразылыктар айтылып келген. (ZKo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России