“Баткен таңы” гезитинин редакциясына таандык имарат мамлекетке кайтарылды
Баткен шаарындагы "Баткен таңы" гезитинин имараты мыйзамсыз менчиктештирилгени аныкталганын Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитети (УКМК) кабарлады.
Ага ылайык, имарат 2010-жылы январь айында объект стратегиялык мааниде экенине көңүл бурулбай, Мамлекеттик мүлк министрлиги тарабынан 0,22 гектар жер тилкеси менен чогуу мыйзамсыз сатылган.
Коопсуздук кызматы менчиктештерүү келишимдери жокко чыгарылып, имарат мамлекетке кайтарылганын билдирди.
Атайын кызмат менен Башкы прокуратура өлкөнүн ар кайсы аймактарында менчикке мыйзамсыз чыгарылып кеткен имараттар, жер тилкелери жана башка объектилер мамлекетке кайтарылганы тууралуу маалыматтарды улам-улам жарыялап келет. (ZKo/JsA)
