Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Иран менен АКШнын өкүлдөрү Тегерандын өзөктүк программасы боюнча сүйлөшүүлөрдү башташты

0

17-февралда Швейцариянын Женева шаарында Иран менен АКШнын өкүлдөрү Тегерандын өзөктүк программасы боюнча омандык ортомчулар аркылуу кыйыр сүйлөшүүлөрдү баштады. Жолугушуу Омандын консулдугунда өтүүдө.

Ортомчулар Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен АКШнын атайын өкүлү Стив Уиткоффтун ортосунда билдирүүлөрдү жеткирүү аркылуу байланыш түзүүдө.

АКШ президенти Дональд Трамп Женевадагы сүйлөшүүлөргө «кыйыр түрдө» катышарын билдирди. Бул быйыл Тегеран менен Вашингтондун ортосундагы сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы. Мунун алдында ай башында Маскатта жолугушуу өткөн.

Иран АКШ санкциялары алынган шартта өзөктүк объектилерин текшерүүгө макул болууга даяр экенин билдирген. Ошондой эле санкциялардан жабыркаган экономикасын америкалык компаниялар үчүн пайдалуу инвестициялык мүмкүнчүлүк катары көрсөтүүгө аракет кылууда.

Бирок Тегеран ракеталык программасы же аймактагы өнөктөш күчтөрдү колдоосу сыяктуу маселелер боюнча сүйлөшүүгө баруудан баш тартууда.

Ал эми Трамптын администрациясы дал ушул темалар да талкууланышы керек деген талап коюп келет.

Ошол эле маалда АКШ Араб деңизинде аскердик күчтөрүн топтоону улантып жатат. Президент Дональд Трамп эгер келишимге жетишилбесе, аскердик сокку урулушу мүмкүн экенин эскерткен.

Тегеранда тарапташтарынын алдында сүйлөп жатып өлкөнүн жогорку руханий лидери Аятолла Али Хаменеи Иран өз жээктерине жакын топтолгон америкалык согуштук кемелерди чөктүрө ала турган мүмкүнчүлүккө ээ экенин кыйытты.

Трампка түз кайрылган Хаменеи АКШ президенти «Ислам республикасын кулата албайт» деп айтты.

16-февралда Ирандын Ислам революциясынын сакчылар корпусу Ормуз кысыгында деңиз машыгууларын баштады. Иран медиасы бул машыгуулар «ыктымал коопсуздук жана аскердик коркунучтарга» каршы деңиз күчтөрүнүн даярдыгын текшерүүгө багытталганын жазды.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России