Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14 15 16 17 18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28

Камактагы каракалпак активисти Тажимуратовго жаңы айып тагылды

0

2022-жылы Каракалпакстандагы нааразылык окуялары боюнча 16 жылга соттолгон активист Даулетмурат Тажимуратовго кошумча айып тагылышы мүмкүн.

Ага «мекеменин ишин бузду» деген айып коюлган. Туугандары менен жактоочулардын айтымында, бул окуяны абак кызматкерлери атайын уюштурушу ыктымал.

Активисттин агасы Ренат Тажимуратов жакында абакка барып, инисин көрө албай кайтып келген. Анын айтымында, тергөөчү Даулетмуратка жаңы айып тагылганын билдирген.

«Даулетмурат адвокаты менен жолуккан. Жакында ал түрмө кызматкерлеринин бирин уруп жиберген экен. Адвокат “эмне үчүн урдуңуз?” деп сураганда, адатта колонияда камактагылар башын ылдый салып жүрүшү керектиги айтылган. Инимдин айтымында, кызматкер андан да башын ылдый кылып жүрүүнү талап кылган. Ал баш тарткан. Акыры экөө кайым айтыша кетип, иним чыдабай уруп жиберген. Кызматкер ооруканага түшкөн. Даулетмурат өзү да сабалган», - деди Ренат Тажимуратов.

Анын пикиринде, бул окуя жаңы кылмыш ишин козгоо үчүн атайын уюштурулган болушу мүмкүн. Бул айып боюнча активист беш жылдан 10 жылга чейин кошумча жаза алышы ыктымал.

Каракалпак тилиндеги «Эл кызматында» гезитинин мурдагы башкы редактору Даулетмурат Тажимуратов 2022-жылдын июлунда Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөргө каршы чыккан Каракалпакстандагы нааразылык кыймылынын лидерлеринин бири болгон.

2023-жылдын январында Өзбекстан соту аны «конституциялык түзүлүштү кулатууга аракет кылуу», «жапырт башаламандык уюштуруу» жана «бийликти басып алуу максатында сөз байлашуу» беренелери боюнча күнөөлүү деп таап, 16 жылга эркинен ажыраткан.

Түрмөдө кыйноого кабылганы тууралуу анын билдирүүлөрүн, ошондой эле эл аралык укук коргоо уюмдарынын аны дароо бошотуу чакырыктарын Өзбекстандын бийлиги көңүл сыртында калтырган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России