Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырды
Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу депутаттык мандатын тапшырды. Бул тууралуу ал соцтармактагы баракчасына жазды.
Анда Тургунбек уулу “жетимиш бешчилердин кайрылуусу” деп аталган ишке, алардын кол топтоосуна аралашпаганын айтты.
“Акыркы мезгилдерде ден соолугум жакшы болбой, дары-дармек менен жүрдүм. Муну мени жакындан билгендер жана чогуу иштешкендердин баары эле билишет. Ошол үчүн мындан ары саясаттан оолак болуп, саламаттыгымды карап, жеке жумуштарым менен алек болуу максатында депутаттык мандатты тапшырууну чечтим”, - деп билдирди Тургунбек уулу.
Ал Жогорку Кеңештин VII чакырылышына Аксы шайлоо округунан шайланып келип, 2022-жылы 5-декабрда да Жогорку Кеңештин төрагасы болуп шайланган.
Нурланбек Тургунбек уулу 12-февралда кызматтан кетип, муну Кыргызстандагы акыркы саясий кырдаал менен байланыштырып, чечимди өз эрки менен кабыл алганын айткан.
9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Бул кайрылууга байланыштуу Ички иштер министрлиги (ИИМ) Кылмыш-жаза кодексинин “Массалык башаламандыктар” беренеси менен коомдук ишмер Бекболот Талгарбековду, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевди, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевди, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевди жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановду кармаган.
Садыр Жапаров бул кайрылуунун арты менен айрым депутаттык топтор депутаттарды бөлүп-жарып баштаганын, ушундан улам Камчыбек Ташиевди кызматтан алганын айткан.
Нурланбек Тургунбек уулу УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин эң жакын үзөңгүлөштөрүнүн бири катары белгилүү.
