Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2026

Мэрия "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуштарды буза баштады

0

Бишкектеги "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуштар буздурулуп жатат. Ишти мэриянын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы жүргүзүүдө. Мэриянын Фейсбуктагы баракчасында курулушту бузуу учуру түз ободо жарыяланды. Андан калаа башчысы Айбек Жунушалиев өзү курулушту тезинен бузуп, материалдарын ээсине акт менен берүүнү тапшырып жатканын көрүүгө болот.

"Өз алдынча бузуп алуусуна үч күн убакыт бергенбиз. Ар кайсы шылтоону айтып, убактысында бузушкан жок. Биз айткан сөзүбүзгө туруп, өзүбүз бузуп баштадык. Эгер бүгүн кечке чейин сүрдүрүлгөн материалдарын алып кетпесе, айып кампасына алып кетебиз", - деди мэр.

Жунушалиев 19-февралда "Айчүрөк" соода борборунун жанындагы курулуш иштерин текшерген. Шаар башчысы жаңы курулуп жаткан объект бекитилген эскиздик долбоорго ылайык келбей жатканын белгилеп, ээсине үч күн ичинде демонтаж иштерин баштоону тапшырган, эгер баштабаса, курулушту мэриянын Жер пайдаланууну көзөмөлдөө башкармалыгы бузарын, алардын чыгымдарын толугу менен компания төлөрүн эскерткен.

Айбек Жунушалиев ошондой эле Old Bishkek долбоорунун алкагында салынып жаткан имараттын курулушу да убактылуу токтотулганын айткан. Ага имарат баштапкы проектте көрсөтүлгөндөй курулбай, өзгөрүп кеткени себеп болгонун билдирген.

Бишкек мэриясы 2025-жылы март айында Чүй проспектиси менен Дүйшөнкул Шопоков көчөсүнүн кесилишинде эскалатор, заманбап лифт, жер астындагы өтмөк жана 220дан ашуун автоунаа токтотуучу жайды камтыган долбоордун курулушу башталганын маалымдаган. Долбоорго “Ташболот Холдинг” жана “Олд Бишкек” компаниялары акча саларын, курулуш эки жылга созулуп, жалпы бюджети 2 млрд сомду түзөрүн билдирген.

“Ташболот Холдинг” ишканасы Бишкектин мурдагы мэри Нариман Түлеевдин жакындарына тиешелүү. Мэрия жерди бул компанияга 49 жылга ижарага бергени белгилүү болгон.

Былтыр декабрь айында Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиев курулуш болуп жаткан жерге барган. Ташиев Түлеевге жолго чыгып кеткен, планда каралбаган курулуштарды алуу тапшырмасын берген. Долбоордо эки эле кабат имарат курулушу керектигин белгилеп, үчүнчү кабатты алууну табыштаган. Көп өтпөй имараттын үстүңкү кабаты бузула баштаган. (ZKo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России