Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2026

Эпштейн иши боюнча Британиянын мурдагы элчиси кармалды

0

Дүйшөмбү күнү Лондондо Британиянын АКШдагы экс-элчиси, лорддор Палатасынын мурдагы мүчөсү, Лейбористтер партиясынын көрүнүктүү ишмери Питер Мандельсон кармалды. Бул тууралуу 23-февралда полиция кармалган адамдын тек-жайын ачыктабай туруп маалымдады.

72 жаштагы Мандельсон расмий түрдө кызматын тийиштүү деңгээлде аткарбоого шек саналууда. Бул иш анын америкалык финансист, маркум Жеффри Эпштейн менен байланышы боюнча, аны АКШнын тергөөчүлөрү адам сатууга жана кыз-келиндерди, анын ичинде жашы жете электерди сойкулукка тартуунун уюштуруучусу деп эсептейт.

Мандельсон былтыр сентябрь айында АКШдагы элчи кызматынан бошотулган, анткени анын Эпштейн менен байланышы мурда кабарлангандан алда канча кеңири экени белгилүү болгон. Анын аты ФБР жарыялаган "Эпштейн досьесиндеги" көптөгөн документтерде кездешет. Тактап айтканда, ал Гордон Браундун кабинетинде министр болуп иштеп жүргөндө Эпштейн менен маалымат бөлүшкөнү аныкталган.

19-февралда Эпштейн иши боюнча мурдагы ханзаада Эндрю кармалып, 12 сааттан кийин бошотулган. Анын үстүнөн иликтөө иши уланууда.

Февралдын башында Эпштейндин иши боюнча жарыяланган документтерде аты аталган британиялык жогорку кызматтагы чиновниктерге каршы жаңы айыптоолорду иликтөө үчүн атайын координациялык топ түзүлгөнү жарыяланган.

Жеффри Эпштейн 2019-жылдын жайында АКШда камакка алынып, кыздарды, анын ичинде 14 жаштагы кыздарды да сатуу жана сойкулукка азгыруу боюнча айыпталган. Ошол эле жылдын август айында 66 жаштагы миллиардер сот алдында түрмөдө өз жанын кыйган. Анын сүйлөшкөн кызы жана сот аныктагандай, шериги Гислен Максвелл сексуалдык сатууга көмөктөшкөндүгү үчүн 20 жылга кесилген.

Саясий жана бизнес ишмерлери сыяктуу көптөгөн жогорку кызматтагы чиновниктер Эпштейнди билишкен же аны менен кат алышып турушкан.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России