Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2026

АКШда коммерциялык айдоочулук лицензия (CDL) үчүн экзамен эми англис тилинде гана болот

0

АКШнын транспорт министри Шон Даффи жүк ташуу тармагына байланыштуу эрежелерге олуттуу өзгөртүүлөр киргизилерин жарыялады. Анын ичинде коммерциялык айдоочулук лицензия (CDL) алуу үчүн бардык экзамендер эми англис тилинде гана өткөрүлөт деген жаңы талап бар.

Вашингтондогу Транспорт министрлигинин баш кеңсесинде 21-февралда өткөн маалымат жыйынында Даффи жана Федералдык автоташуучулардын коопсуздугу боюнча администрациянын жетекчиси Дерек Баррс катышты. Алар бул кадам көзөмөлдү күчөтүүгө жана айдоочулар жол белгилерин окуп, укук коргоо кызматкерлери менен баарлаша алышын камсыз кылууга багытталганын айтышты.

«Биз киргизип жаткан эреже боюнча тестти бир гана англис тилинде тапшырууга болот. Тест англис тилинде болот. Эгер англисче сүйлөй же окуй албасаңыз тестти жакшы тапшыра албайсыз», - деди Даффи.

Ал белгилегендей, учурда айрым штаттар, анын ичинде Калифорнияда CDL экзамендерин бир нече тилде тапшырууну сунуштайт.

Даффи айрым штаттар коммерциялык лицензия экзамендерин үчүнчү тарап компанияларга өткөрүп берип, алар талаптарды жетиштүү деңгээлде сактабай жатканын кошумчалады.

Өнөктүк мындан ары "көз боёмочу" жүк ташуучу компаниялардын рынокко киришине жол бербөөгө, шектүү айдоочулук мектептерге каршы чара көрүүгө жана штаттарда коммерциялык лицензия берүү эрежелерин сактоону текшерүүгө багытталат.

Бул жумада Транспорт министрлиги 557 айдоочулук мектеп коопсуздук боюнча негизги стандарттарга жооп бербегендиктен жабылышы керек экенин билдирди.

Ушул айдын башында кыргызстандык Бекжан Бейшекеев Индиана штатында жүк ташуучу трак айдап баратып жол кырсыгына кабылган. Анда төрт адамдын өмүрү кыйылган. Маалымат каражаттары Бейшекеев коммерциялык айдоочулук лицензияны Пенсильвания штатынан алганы кабарланган.

Федералдык автотранспорт коопсуздугу башкармалыгы (FMCSA) айдоочуну жумушка алган AJ Partners компаниясынын ишин толук токтоткону маалым болгон. Андан тышкары айдоочуга коммерциялык айдоочулук күбөлүк (CDL) берген Aydana Trucking School мектебинин сертификаты дагы жокко чыгарылган.

Жакында федералдык органдар Operation SafeDRIVE аттуу операциянын алкагында 8200дөн ашуун текшерүү жүргүзүп, 704 айдоочуну иштен убактылуу четтеткен. Алардын 500гө жакыны англис тили боюнча талаптарга жооп бербегени үчүн жоопкерчиликке тартылган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России