Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2026

Жол эрежесин одоно бузган айдоочуларды кайра сынак тапшырууга жөнөтүү сунушталды

0

Ички иштер министрлиги жол эрежесин одоно бузган айдоочулардан ошол замат сурамжылоо кылып, туура жооп бере албагандарды “Унаа” мекемесинен (Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борбору) айдоочулук күбөлүк алуу үчүн сынак тапшырууга жөнөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу 24-февралда министрдин биринчи орун басары Адылбек Бийбосунов парламенттин Сот-укук маселелери, укук тартиби, кылмыштуулук менен күрөшүү боюнча комитетинин жыйынында билдирди.

Долбоорго ылайык, жол коопсуздук кызматкери айдоочу негизги сегиз жол эрежесин бузган учурда аны токтотуп, планшет аркылуу алты суроодон турган сынак алат. Эгер айдоочу төрт жана андан көп суроого туура жооп берсе, айыппул жазылып коё берилет. Эгер төрттөн аз суроого жооп берсе, “Унаа” мекемесине айдоочулук күбөлүк үчүн кайра сынак тапшырууга жөнөтүлөт.

Депутат Болот Ибрагимов мындай талаптар жол коопсуздук кызматкери үчүн коррупциялык тобокелдиктерди көбөйтүшү мүмкүн деген камтамачылыгын билдирди. Бийбосунов кызматкерлерге камера орнотулганын жана колдонулган планшеттерде да үн жаздыруу системасы иштеп турарын айтып, мындай тобокелдик жок экенин тактады.

Тандалып алынган сегиз жол эрежеси төмөнкүлөр:

Колдонууга тыюу салынган унааны башкарган учурда,Мамлекеттик номуру жок унааны айдаганда,Коопсуздук кызматкери тоскондо токтобой койгондо,Ылдамдыкты коюлган чектен 40 км/сааттан жана 60 км/сааттан ашканда,Жол чырактарына баш ийбегенде жана тротуар, велосипед жана жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан жүргөндө,“Тез жардам” жана башка атайын техникага жол бербөө,Каршы тилкеге чыгуу жана ээнбаштык кылганда,Материалдык чыгым алып келген жана адам өмүрүнө коркунуч жараткан жол кырсыктары болгондо, кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орнотуу жана кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери бузулганда.Айдоочу "Унаа" мекемесинен кайра сынак тапшырууга жөнөтүлгөндө ага 60 күндүк мөөнөт менен убактылуу күбөлүк берилет.

Соңку учурда Кыргызстанда айдоочулардын жол эрежесин билүүсү жана талаптарды сакташы боюнча талкуу күчөдү.

Президенттин Иш башкармалыгы менчик автомектептерди жоюп, айдоочуларды даярдоо мамлекеттик мекемелерде гана жүрөрүн, окутуу мөөнөтү 10 айга созуларын билдирген.

Менчик автомектептердин ээлери ишинин токтоп калганына нааразылыгын билдирип, 27-январда Транспорт каражаттарын жана айдоочулук курамды каттоо мамлекеттик борборуна нааразылыгын билдиришкен.

Бул маселе боюнча Жогорку Кеңеште да каршы пикирлер айтылып, парламент менен аткаруу бийлигинин ортосунда кайым айтышуу болду.

Расмий маалыматка ылайык, Кыргызстанда 2024-жылы 7 102 жол кырсыгы катталып, анын кесепетинен 743 адам каза болуп, 10 миң 479 адам ар кандай жаракат алган. 2025–жылдын 11 айында 7 790 жол кырсыгы болуп, андан 795 адам мүрт кетип, 11 миң 210 киши жаракат алган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России