Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2026

ТИМ АКШга виза алууда шылуундарга алданып калбоону эскертти

0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) АКШга туристтик жана ишкердик виза (B-1/B-2 категориялары) алуудагы каржылык күрөө талабы боюнча кошумча маалымат таратты.
Министрлик акыркы убактарда үчүнчү жактар Кыргызстандын жарандарына АКШга туристтик жана ишкердик визаларды тариздөөгө көмөк көрсөтүүнү сунуштаган учурлар көбөйгөнүн билдирди. Маалыматка ылайык, мындай сунуш ээлери виза алуу кепилдигин да берип келишет.
ТИМ каржылык кепилдикти төлөө консулдук маектешүүдөн өткөндөн кийин гана, АКШнын Бишкектеги элчилиги жөнөткөн расмий төлөм шилтемеси аркылуу гана жүргүзүлөрүн белгилеп, жарандарды шылуундарга алданып калбоого чакырды.
"Расмий маалыматка ылайык, туристтик же ишкердик виза алуу үчүн (B1/B2 категориясы), арыз ээси алгач АКШнын консулдук кызматкери менен маектешүүдөн өтүшү керек. Консулдук кызматкер тиешелүү чечим кабыл алынган учурда арыз ээси I-352 формасын толтуруп, расмий онлайн платформа - Pay.gov аркылуу каржылык кепилдик берүүгө макулдугун ырасташы зарыл. Кепилдик төлөмүнүн өлчөмүн консулдук кызматкер маектешүүнүн жыйынтыгына жараша өзү аныктайт жана бул сумма 5 000ден 15 000 АКШ долларына чейин түзөт", - деп билдирди министрлик.
ТИМ жарандарга сак болууну, ортомчулардын "кепилденген виза" сунуштарына ишенбөөнү жана АКШнын ыйгарым укуктуу органдарынын расмий түшүндүрмөлөрүнө гана таянууну сунуштайт.
Мындан тышкары иммиграциялык макам өзгөргөн же АКШда уруксат берилген жүрүү мөөнөтү ашып кеткен учурда кепилдик каражаты кайтарылбасы, күрөө талабы өзгөртүүлөр күчүнө киргенден кийин берилген жаңы арыздарга гана колдонулары эскертилген.
Маалыматта ошондой эле күрөө кепилдиги менен виза алган жарандар АКШга киргенде жана чыкканда Бостон (BOS), Нью-Йорк (JFK), Вашингтон (IAD), Ньюарк (EWR), Атланта (ATL), Чикаго (ORD), Лос-Анжелес (LAX), ошондой эле Торонто (Канада) (YYZ) жана Монреаль (Канада) (YUL) аэропортторунан гана кирип, чыга алышары айтылган. Күрөөгө коюлган каражат жаран АКШдан өз убагында чыгып кеткени тастыкталган учурда же виза мөөнөтү аяктаганга чейин сапарын ишке ашырбаса автоматтык түрдө ээсине кайтарылат.
Эгерде виза жарактуу кезинде АКШга баруу ниети жок болсо, күрөөнү кайтаруу тартибин АКШнын Кыргызстандагы элчилигине кайрылып, тактап алууга болот. ТИМ сапарды пландаштыруудан мурда керектүү маалыматтар менен АКШнын Мамлекеттик департаментинин расмий сайтынан алдын ала таанышууга үндөгөн.
АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы Кошмо Штаттарга кирүү үчүн күрөө төлөй турган мамлекеттердин тизмесин кеңейтип, ага Кыргызстан да камтылган 25 өлкөнү кошкон.

Борбор Азиядан бул тизмеде Кыргызстандан тышкары Тажикстан менен Түркмөнстан бар.

Бул чара АКШ администрациясынын мыйзамдуу жана мыйзамсыз миграцияны азайтууга багытталган кеңири стратегиясынын алкагында кабыл алынганы, күрөө төлөтүү талабы туристтик же иш визасы менен келип, Америкада мөөнөтүнөн ашыкча калып кетүү учурларын алдын алуу максатын көздөй турганы кабарланган.(ZKo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России