Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2026

Орусияда Telegram апрелден тартып бөгөттөлгөнү жатат

0

Орусия бийлиги Telegram мессенжерин 1-апрелден тартып бөгөттөөнү көздөп жатканын РБК агенттиги булактарына шилтеме кылып билдирди. Басылманын Кремлге жакын булактары бул акыркы чечим экенин айтышкан.

"Бөгөттөө себептеринин бири катары алар акыркы убактарда элди, анын ичинде жашы жете электерди да мыйзамсыз иштерге тартуу көбөйгөнүн айтууда", – деп жазды РБК.

Роскомнадзор маалыматты ырастаган да, төгүндөгөн да жок.
"Бул суроо боюнча мурда чыккан маалыматтарга кошумча жок", - деп билдирди мекеме.

Маалыматты өлкөдөгү ири байланыш операторундагы булак The Bell агенттигине ырастаган. Телеком базарындагы эки булак мессенжерди толук бөгөттөө чечими Кремлде кабыл алынганын билдиришкен.

"Бир жарым айда бирдеме өзгөрүшү мүмкүн, анткени бийликте бул маселе боюнча түрдүү пикирлер бар. Бирок азырынча ушундай маалымат – 1-апрелден тартып толук бөгөт", – деген мобилдик оператордун өкүлү.
The Bell агенттигинин дагы бир булагы байланыш операторлоруна бөгөттөө ишине тоскоол болбоо талабы менен кат келгенин айткан. Ушундай эле кат YouTube ачылбай калардан мурда да келгенин журналисттер белгилешти.

Мурдараак санарип өнүктүрүү, байланыш жана жалпы коммуникация министри Максут Шадаев Telegram аркылуу жазышуу чет өлкөлүк чалгын кызматтарына жеткиликтүү экенин билдирген. Анын ырастоосу боюнча, андан алынган маалыматтар орус армиясына каршы колдонулат.
Telegram Шадаевдин айтканын четке кагып, "ойдон чыгарылган" деп атаган.
Роскомнадзор Telegram орусиялыктардын жеке маалыматтарын алуу үчүн ботторду жана сервистерди "түзүп, такай колдонуп" келерин билдирген, Ички иштер министрлиги мессенжерде аскер жана полиция кызматкерлери, бийлик өкүлдөрү жөнүндө маалыматтар диверсия жана теракт жасоо үчүн чогултулганын тактаган.

Шадаевдин маалыматына караганда, Орусия бийлиги бул месенжерди "согуш жүрүп жаткан аймактарда" орус аскерлери үчүн бөгөттөбөй турган болгон.
Орус аскерлерине буга чейин улуттук Max мессенжерин колдонбоо эскертилген.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России