Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Февраль
2026

Израил Ирандан озунуп бул өлкөгө сокку урганын билдирди

0

Израилдин коргоо министри Исраэл Кац Иранга өлкөгө болгон коркунучту алдын алуу үчүн озунуп сокку урулганын билдирди.

New York Times басылмасы жана Reuters агенттиги өз булактарына таянып операцияга АКШ дагы катышып жатканын жазды. Кийинчерээк бул маалыматты Кошмо Штаттарынын президенти Дональд Трамп дагы ырастады.

“Израил мамлекети үчүн жаралган коркунучту болтурбоо үчүн Иранга сокку урулду”,-деп билдирди Кац.

Reuters агенттигинин Израилдин Коргоо министрлигиндеги булагы бул операция АКШ менен макулдашылганын билдирген жана бир канча айдан бери эле пландалып жатканын, так датасы бир канча жума мурун аныкталганын айткан.

New York Times булактарына таянып АКШ операцияга түздөн түз катышып, ондогон америкалык учак сокку уруп жатканын жазды.

Чабуулдарга жооп болушу ыктымал деген таризде Израилде өзгөчө абал жарыяланды жана жарандарга бомбалоодон калкалоочу жайларга жакын болуп туруу тууралуу эскертилди.

Ирандагы IRNA маалымат агенттиги Тегерандын борборунда жарылуулар болуп, коюу түтүн каптап жатканын маалымдады.

Reuters агенттиги Ирандын руханий лидери Али Хаманеинин өкүлүнө шилтеме кылып, ал учурда өлкөдө эмес экенин, корголгон жайда экенин жазды.

Мунун алдында АКШнын президенти Дональд Трамп Иранга карата “татаал чечим” кабыл алышы мүмкүн экенин эскерткен.

АКШ менен Ирандын расмий өкүлдөрү 26-февралда Женева шаарында Омандын ортомчулугу менен өзөктүк сүйлөшүүлөрдүн жаңы айлампасын өткөргөн.

Омандын тышкы иштер министри Бадр ал-Бусаиди сүйлөшүүлөрдө “олуттуу жылыш” бар экенин билдирип, кийинки жумада Вена шаарында техникалык деңгээлдеги талкуу өтөрүн жарыялаган.

Тараптар ушул айдын башында Омандын ортомчулугу менен бул өлкөнүн аймагында кыйыр сүйлөшүүлөрдү өткөрүшкөн. Бул былтыркы июнь айындагы кыска мөөнөттүү кагылыш учурунда Израил менен АКШ Ирандын негизги өзөктүк объектилерин бомбалагандан кийинки алгачкы сүйлөшүү болду.

Экинчи айлампа 17-февралда Женева шаарында өткөн.

Бирок бул эки раундда тен олуттуу жылыш болгон эмес, негизги талаштуу маселелер чечилбей калган.

Сүйлөшүүлөрдүн жүрүшүндө АКШ Ирандан уран байытууну толугу менен токтотууну жана жогорку деңгээлде байытылган уран корунан баш тартууну талап кылууда.

Иран болсо өзүнүн өзөктүк программасы электр энергиясын өндүрүү сыяктуу тынч, жарандык максаттарды гана көздөй турганын билдирип келет.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России