Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Иран Кипрдеги британ авиабазасына, Сауд Арабиясындагы мунай заводуна сокку урду

0

2-мартта Иран Сауд Арабиясынын чыгышындагы Рас-Танура шаарында жайгашкан Saudi Aramco компаниясынын мунай иштетүүчү заводуна чабуул койду. Расмий Тегеран бул Израил менен АКШнын Ирандын аймагына жасаган соккуларына жооп экенин билдирди. Бул тууралуу Reuters жана Bloomberg агенттиктери өз булактарга таянып жазышты.

Рас-Танура комплексинде суткасына 550 миң баррелге чейин мунай иштете алган Жакынкы Чыгыштагы эң ири заводдордун бири жайгашкан жана ал сауд мунайы үчүн маанилүү экспорттук терминал болуп саналат.

Bloomberg агенттигинин маалыматына ылайык, Иран заводго эки дрон менен чабуул койгон. Асмандан атып түшүрүлгөн учкучсуз аппараттардын сыныктары ишкананын аймагына түшүп, өрт чыккан. Завод ишин убактылуу токтоткон. Сауд Арабиясы Перс булуңунун аймагында АКШнын негизги аскердик жана экономикалык өнөктөштөрүнүн бири болуп эсептелет.

2-мартка караган түнү Иран Кипрдеги Британиянын Акротири аскердик аба базасына да дрондор менен чабуул жасады. Кипрдин президенти Никос Христодулидис сокку болгонун ырастап, базага аз өлчөмдө материалдык зыян келтирилгенин билдирди.

«Өлкөбүз эч кандай аскердик операцияларга катышкан эмес жана катышууну да көздөбөйт», — деген Христодулидистин сөзүн Би-би-синин орус кызматы келтирди. Маалыматтарга караганда, жабыркагандар жок.

Британиянын Коргоо министрлиги базада болжол менен 2000дей аскер кызматкери жана алардын үй-бүлө мүчөлөрү жашай турганын, зыян минималдуу экенин жана база кадимки тартипте иштеп жатканын билдирди.

Daily Mail басылмасы белгилегендей, Ирандын базага чабуулу Британиянын премьер-министри Кир Стармер АКШга британ базаларын «коргонуу максатында» колдонууга уруксат бергенден болжол менен бир саат өткөн соң болгон.

Ошол эле учурда Британиянын бийлиги АКШга өз базаларын аскердик чабуулдар үчүн колдонууга уруксат берген эмес.

Стармер 28-февралда Иран «Бахрейндеги аскер базасына сокку уруп, британ кызматкерлерине дээрлик тийип кете жаздаганын» да билдирди.

«Биз Иранга каршы алгачкы соккуларга катышкан эмеспиз жана азыр да чабуулдук аракеттерге кошулбайбыз», — деп кошучмалады ал.

2-мартта Иран Израилдин аймагына соккуларды улантты. AFP агенттиги Дохада (Катар), Дубайда (БАЭ) жана Бахрейнде жарылуулардын үнү угулганын билдирди. Дохадагы жарылуу тууралуу Reuters да жазды.

Катардын Тышкы иштер министрлиги Ирандын ракеталык чабуулдарынын натыйжасында 20га жакын адам жеңил жаракат алганын маалымдады.

The Times of Israel жана башка маалымат каражаттары Кувейттеги Америка элчилигинин имаратынын үстүнөн түтүн көтөрүлгөнүн жазышты.

Израил менен АКШнын Иранга каршы аскердик операциясы 28-февралда башталган. Жооп иретинде Иран Израилди гана эмес, аймактагы башка өлкөлөрдү да аткылай баштаган. Тегеран израилдик объектилерди жана америкалык аскер базаларын мыйзамдуу аскердик буталар деп эсептей турганын билдирген. Операциянын жүрүшүндө Ирандын жогорку лидери, аятолла Али Хаменеи жана бир нече жогорку кызмат адамы, анын ичинде Хаменеинин кеңешчиси Али Шамхани жана Ислам революциясынын сакчылар корпусунун командачысы Мохаммед Пакпур каза болгону кабарланган. Ирандын Кызыл Жарым Ай коому 555 адам өлгөнүн билдирген (бул маалыматты көз карандысыз тастыктоо мүмкүн эмес). АКШ командачылыгы буга чейин үч аскер кызматкери каза болгонун маалымдаган.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России