Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2
3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Орусияда таанымал ишкер Жабраилов өз өмүрүн кыйганы кабарланды

0

Чеченстандан Федерация кеңешинин мурдагы мүчөсү Умар Жабраиловнын сөөгү Москвадагы мейманканада табылды. Ал өз өмүрүн кыйганын орусиялык маалымат каражаттары жана Telegram каналдар өз булактарына таянып жазышты.

Mash басылмасынын маалыматына ылайык, Жабраиловдун жанынан тапанча табылган. Telegram каналдын билдиришинче, ал оор абалда ооруканага жеткирилген, бирок дарыгерлер өмүрүн сактап кала алышкан эмес.

2020-жылы дагы Жабраилов өз жанын кыюуга аракет кылган.

Жабраилов 2000-жылы президенттикке ат салышып, шайлоодо добуштардын 0,10% алып, акыркы орунду ээлеген. Анда президенттин милдетин аткаруучу Владимир Путин добуштардын 53% алып, жеңишке жеткен.

1990-жылдары Жабраилов Москва облусундагы май куюучу жайлар тармагын көзөмөлдөгөн «Данако» компаниясын негиздеген.

Кийин ал кыймылсыз мүлк тармагына өтүп, бир нече мейманкананы, анын ичинде «Рэдиссон Славянскаяны» сатып алган.

1996-жылдын ортосунда анын өнөктөшү, америкалык ишкер Пол Тейтум Жабраилов аны өлтүрөм деп коркутканын айткан. Бир нече айдан кийин Тейтум Киев автобекетинин жанындагы жер алдындагы өтмөктө атып өлтүрүлгөн. Бул кылмышка Жабраиловдун тиешеси далилденген эмес, бирок ишкерге АКШга кирүүгө тыюу салынган.

2004–2009-жылдары Жабраилов Федерация кеңешинде Чеченстан парламентинин өкүлү болгон.

Ошондой эле ал «Аванти» бизнес-патриотизмди өнүктүрүү боюнча ишкерлер ассоциациясын жетектеген. Бул уюмда бир убакта Кремлдин өкүлү Дмитрий Песковдун кызы Елизавета иштеген.

2018-жылы Жабраилов «Единая Россия» партиясынан чыгарылган.

Анын аты АКШда сексуалдык кылмыштар жана жашы жете элек кыздарды азгыруу жана сексуалдык эксплуатациялоо тармагын түзгөнү үчүн соттолгон америкалык финансист Жеффри Эпштейндин ишине байланышкан документтерде да аталган. Каттарга ылайык, ал 2001-жылы Москвада финансисттин жардамчысы Гилейн Максвелл менен жолугушууну макулдашкан. 2022-жылы АКШдагы сот Максвеллди Эпштейндин иши боюнча 20 жылга эркинен ажыраткан.

Жабраилов буга чейин «База» басылмасына Максвелл менен кат алышканын жана достук мамиледе болгонун тастыктаган. Бирок 2001-жылы анын Максвелл жана Эпштейн менен жолугушканы тууралуу маалымат так эмес.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России