Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3
4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Рубио Иранга соккуларды "алдын алуу аракети" деп атап, күчтүү чабуулдар алдыда экенин айтты

0

Американын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Иранга сокку уруу чечими америкалык аскерлерди коргоо үчүн кабыл алынганын билдирди. Ал "эң күчтүү соккулар али алдыда" экенин эскертти.

«Чындап эле коркунуч жакындап калган», — деди Рубио 2-мартта Вашингтондо журналисттерге.

Ал Капитолийде мыйзам чыгаруучулар менен өтө турган жабык жолугушуунун алдында сүйлөп жатып, соккуларды «алдын алуу аракети» деп атады.

«Биз Израил тараптан аракет болорун билгенбиз. Бул америкалык аскерлерге каршы чабуулга алып келерин да түшүнгөнбүз. Эгер алар (Иран) чабуул баштаганга чейин алдын ала сокку урбасак, жоготууларыбыз көп болмок. Бул кандай болбосун жасалышы керек эле», — деди Рубио.

Рубионун билдирүүсүнө жооп кылып, Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи 3-мартта АКШ мамлекеттик катчысынын сөздөрү Вашингтон «Израилдин кызыкчылыгы үчүн өз ыктыяры менен согушка киргенин» көрсөтүп турат деп айтты.

28-февралда АКШ менен Израил Иранга каршы кеңири масштабдагы операция баштаган. Расмий өкүлдөрдүн айтымында, бир катар ракеталык объектилер жана аскердик инфраструктура бутага алынган.

Иран жооп иретинде Перс булуңундагы бир нече мамлекеттеги АКШ аскер базаларына ракеталык сокку урду. Мунун натыйжасында жаңжал Израил–Иран кармашынан чыгып, кеңири аймактык согушка айланып кетүү коркунучун жаратты. Американын аскердик жетекчилери абадан коргонуу каражаттары көптөгөн ракеталарды тосуп калганын билдиришти. Ошентсе да айрым базаларга зыян келтирилип, жоготуулар катталганы маалым болду.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамп дагы кошумча аракеттер болушу мүмкүн экенин билдирди. Америкалык медиага берген маегинде Трамп алдыда чабуулдардын «чоң толкуну» болорун эскертип, дем алыш күндөрү жасалган соккулар Ирандын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн алсыратууга багытталган узак мөөнөттүү кампаниянын башталышы гана экенин кыйытты.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России