Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4
5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

ТИМ Жакынкы Чыгыштагы кыргызстандыктарды эвакуациялоо тууралуу сүйлөшүү жүргүзүүдө

0

Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыштагы, анын ичинде Сауд Арабиясындагы, Бириккен Араб Эмирликтериндеги, Омандагы кыргыз жарандарын учак менен алып келүүнү уюштурууну сүйлөшүүдө. Мекеменин басма сөз кызматы 3-мартта билдиргендей, бул боюнча президент Садыр Жапаров тапшырма берген.
“Чыгыш мамлекеттеринин аймагында жүргөн жарандарга этият болууну, эл көп чогулган жерлерден жана кооптуу аймактардан оолак болууну, жергиликтүү бийлик органдарынын жана укук коргоо органдарынын коопсуздукту камсыз кылуу боюнча талаптарын так сактоону, өздүгүн тастыктаган документтерди жана дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн байланыш маалыматтарын дайыма жанында алып жүрүүнү, ошондой эле расмий билдирүүлөрдү көзөмөлдөөнү сунуштайбыз”, - деп жазылган маалыматта.
ТИМ Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде билдирген.

Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирликтеринде. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.

Сауд Арабиясындагы 5 миң киши умра зыяратына баргандар жана миң киши ал жакта туруктуу жашайт.

Катарга круиздик саякат менен барган 67 кишинин калуу мөөнөтү 7-мартка чейин узартылган.
ТИМ Бириккен Араб Эмирликтеринде жүргөн кыргызстандыктарга коопсуздук чараларын күчөтүп, соңку окуялар боюнча жергиликтүү бийликтин расмий билдирүүлөрүнө жана такталган маалыматтарга гана ишенүүгө чакырган.
АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан чабуул койду.
Бириккен Араб Эмирликтери(БАЭ) эки күн ичинде ирандык 167 ракета асманда жок кылынганын, 35 дрон турак жайларга тийип, үч чет элдик жаран каза тапканын маалымдады. 58 киши ар түркүн жараат алышкан.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России