ЖАМК абактагы акын Аскат Жетиген айып изоляторуна камалганын ырастады
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматы (ЖАМК) абактагы акын Аскат Жетиген уулу кыйноого кабылганы тууралуу маалыматты төгүндөдү. Мекеменин басма сөз кызматы 3-мартта билдиргендей, Жетиген уулу мекеменин кызматкерлери менен чыр-чатак чыгарып, башка соттолгондорду абактын жетекчилигинин талаптарына баш ийбөөгө чакырганы жана ички тартип эрежелерин бузганы үчүн аны 15 суткага айып изоляторуна которушкан.
“Соттолгондор мекеменин администрациясынын мыйзамдуу талаптарына баш ийбесе, мекеменин ички тартибинин эрежелерин бузса, ошондой эле мекеменин ички тартибинин эрежелерин сактабаса мыйзамдын негизинде чара көрүлөт. Мыйзам алдында бардыгы тең жана бардыгына бирдей чара көрүлөт”, - деп жазылган маалыматта.
Мекеме Жетиген уулунун мекеме көмүрдү ысырапкорчулук менен пайдаланып жатканы тууралуу айыптоосун да четке кагып, 2025-2026-күз-кыш мезгилине 557 тоннага жакын көмүр бөлүнгөнүн, ал соттолгондор кармалган жана административдик имараттарды жылытууга кеткенин билдирди.
Жабык жайдагы спорт залына кирип машыгууда эч кандай чектөө жоктугу, ал жер тар болгону үчүн соттолгондор алдын ала коюлган кезек менен кирери да жазылган.
Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын мекемелеринин жана кызматкерлеринин ишмердиги прокуратуранын көзөмөлүндө экенин белгилеген мекеме кайсы бир кызмат адамдарына нааразылык болсо көзөмөл органына же сотко кайрылууга чакырды.
№27 түрмөдө жазасын өтөп жаткан жарандык активист, ырчы Аскат Жетиген абак кызматкеринин кыйноосуна кабылганын билдирген. Бул тууралуу ал өзүнүн адвокаты Нурбек Токтакуновго жазган катында маалымдап, укугу бузулуп жатканын коомчулукка жеткирүүсүн жана өзүн коргоону суранган.
Катта Аскат Жетиген акыйкатчынын өкүлдөрү барганда абактагылардын укуктары бузулуп жатканын айтканы үчүн айып изоляторуна жабылганын жазган. Ал түрмө кызматкерлери абакты жылытууга бөлүнгөн көмүрдү ысырапчылык менен иштетип жатканын, жазасын өтөп жаткандарга спорт менен машыгууга тоскоолдук жаралганын, 2000 сом төлөбөгөндөр залга киргизилбей турганын белгилеген.
Жабык жайдын Улан аттуу кызматкери кыйноого алганын билдирген активист абакта ал "ашкере оройлугу жана зөөкүрлүгү менен белгилүү" экенин жазып, ачык айткандарды айып изоляторуна камап, ар кандай ишке мажбурлап келерин билдирген.
Жарандык активист, ырчы Аскат Жетигенге Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) эки кылмыш ишин козгогон: биринчиси - 2021-жылы март айында жасалган видео кайрылууга байланыштуу Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен, экинчиси - 2024-жылы 15-мартта жасаган видео кайрылуудан кийин 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) менен.
2024-жылы Бишкектин Свердлов райондук соту аны Кылмыш-жаза кодексинин 327-беренеси (“Бийликти басып алууга чакырык жасоо”) менен күнөөлүү деп таап, үч жылга эркиндигинен ажыраткан. 278-беренесинин 3-бөлүгү (“Массалык башаламандыктарга чакыруу”) боюнча актаган. Кийинки сот бутактары бул чечимди күчүндө калтырган.
ЖАМК былтыр декабрдын башында камактагы Аскат Жетигендин жүрүм-турумун оң баалап, ал эч бир тартип бузбаганын, атүгүл абакта үч ирет сыйланганын анын адвокатына жазган катында билдирген.
Активист абакта быйылкы жылдын августунун ортосуна чейин болору айтылган.
Аскат Жетиген ырчы, комузчу, обончу, композитор, акын. Ал 18 жашында “Ордо Сахна” фольклордук-этнографиялык ансамблине жетекчи болуп, бир нече жыл аны менен жыйырмадан ашык өлкөнү кыдырган. 2021-жылы өзүнүн чакан концертин өткөргөн. Анын “Зарыкканда” жана башка бир канча ыры эл арасында белгилүү.
Ал бийликти кескин сындаган видео билдирүүлөрдү чыгарып келген. Анын ичинен казинону иштетүү, мамлекеттик тууну өзгөртүү боюнча демилгелерге каршы пикирин билдирип, активисттердин камакка алынышын жана маданият тармагындагы иштерди айыптаган.
