Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5
6
7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Депутат Эрулан Көкүловго байланыштуу тараган видео боюнча териштирүү жүрүүдө

0

Жогорку Кеңештин депутаты Эрулан Көкүлов жол коопсуздук кызматкерлери менен кабылган окуяга байланыштуу териштирүү жүрүп жатат. Бул тууралуу 4-мартта Ички иштер министрлигинин (ИИМ) Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын (ЖКККББ) башчысы Азенбек Козукеев парламентте билдирди.

Депутат Көкүлов жол кайгуулчулардын эреже бузган айдоочуларга чара көргөнүн тасмага тартып, социалдык тармактарга жайылтканын сынга алды жана мындай мамилеге өзү да туш болгонун айтты. Анын үйүнө барып, төрт саат мурунку эреже бузуу үчүн айып жазмак болгон кызматкерлер Баш мыйзамда жазылган жеке жашоонун купуялыгы жана депутаттык кол тийбестик тууралуу талапты бузганын белгиледи:

“Эмнеге силердин кызматкерлер, басма сөз кызматынын адиси мага протокол түзгөндө төшкө илинген кызматтык камералары болгон эмес? Эмне себептен кызматтык формасы жок келип, “мен Надырмын, басма сөз кызматкеримин” деп мага протокол түзүп жатат? Эгер силер мыйзамды сактай албасаңар, хайптын артынан кууп, Жогорку Кеңештин депутатын, кыргыздын эл уулун интернетке чыгарып мазактап жатсаңар, силерге айдоочулардан сынак алганга кантип уруксат берели?” – деди Көкүлов.

Азенбек Козукеев кызматкерлер ал жерге жашоочулардын чакыруусу менен барганын белгилеп, бул окуя териштирилип жатканын айтты. Ал Инстаграмдагы @tpolice жана @bishkekpolice баракчалары мекеменин расмий аккаунту эмес экенин билдирди.

Ички иштер министринин орун басары Октябрь Урмамбетов бул окуя боюнча кызматкерлерге байланыштуу ички териштирүү жүрүп жатканын маалымдады.

Бир канча күн мурда социалдык тармактарда Көкүловго эреже бузганы үчүн жол коопсуздук кызматкерлери протокол түзгөнү тууралуу видео тараган.

Жол коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын кызматкерлеринин ишмердиги жана эреже бузган айдоочуларга чара көргөнү тартылган видеолор социалдык тармактарга көп жарыяланат. Ал баракчаларды мекеменин басма сөз адистери жүргүзөт.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России