Түркияда дагы бир өзбекстандык аял киши колдуу болгону кабарланды
2-март күнү Түркиянын Балыкесир провинциясынын токойлуу жеринде аялдын таанылгыс абалдагы сөөгү табылган. Жергиликтүү Sabah басылмасы ал Өзбекстандын жараны, Самарканддан барган 46 жаштагы Дилафруз Чулиева болушу ыктымалдыгын жазды.
Чулиева эки айдан бери дайынсыз жоголуп, издөө жарыяланган. Анын жакындары табылган өлүктүн үстүндөгү кийим Дилафрузга таандык болушу мүмкүн экенин айтышкан. Бирок азырынча расмий маалымат жок.
Басылманын жазганына караганда, Дилафруз Чулиева Түркияда мыйзамдуу жашап, иштеп жаткан. Ал Балыкесир провинциясындагы Бурхание районунда улгайган аялды карап иштеп жүргөн. 21-январь күнү иш берүүчүсүнөн суранып, базарга кеткен. Эдремиттен Бурханиеге кечки саат сегиз чамасында келген Дилафруз автобустан чыккандан кийин аны менен байланыш үзүлгөн. Кийинки күнү аял жумушка барган эмес. 23-январь күнү иш берүүчүлөр ал дайынсыз болуп жатканын айтып, полицияга кайрылышкан.
Аялдын Өзбекстандагы туугандары анын жоголгону тууралуу 24-январда билишкен жана Түркиянын Өзбекстандагы элчилигине, өзбек Тышкы иштер министрлигине кайрылышкан.
Иликтөө иштеринин жүрүшүндө Дилафруз акыркы жолу өзбекстандык Ильяс аттуу адам менен көрүшкөнү аныкталган. Чулиеванын телефонунан акыркы чалуу да аталган адамдын үйү жайгашкан аймактан катталган. Ильяс полицияга Дилафрузду тааный турганын, ал Стамбулга кетип калганын билдирген.
Учурда сөөктүн ДНК жана расмий экспертизанын жыйынтыктары күтүлүп жатат.
Быйыл январь айында Стамбул шаарында Өзбекстандын эки жаранынын - 37 жаштагы Дүрдана Хакимова менен 32 жаштагы Сайёра Эргашалиеванын мыкаачылык менен өлтүрүлгөн сөөгү табылган.
Аялдардын башы алынып, денеси таштанды челекке ыргытылган. Эки аялдын өлүмүнө шек саналып Өзбекстандын эки жараны Түркиядан Грузияга чыгууга аракеттенип жаткан жеринен кармалган.
Дүрдана Хакимова менен Сайёра Эргашалиеванын өлүмү боюнча тергөө уланып жатат, шектүүлөр камакка алынган.
Эки аялдын өлүмүнөн кийин Стамбулда жана Анкарада аялдардын укугун коргогон уюмдар жана активисттер нааразылык акцияларын өткөрүшкөн. Алар "Эркектердин зомбулугун токтоткула", "Өлтүрүлгөн аялдардын ишин кароодо адилеттик талап кылабыз", "Мигрант аялдар жалгыз эмес" деген жазуулар менен жүрүшкө чыккан.
Акыркы жылдары Түркияда өзбекстандык аялдардын өлүмү менен аяктаган бир нече зомбулук фактылары катталган. 2023-жылы Дүзже шаарында өзбекстандык аялды күйөөсү бычактап өлтүргөн. 2025-жылдын апрелинде Стамбулдун Пендик районунда өзбекстандык эркек жубайын бычактап салганы үчүн өмүр бою түрмөгө кесилген. Ошол жылы августта Стамбулдун Умрание районунда 35 жаштагы өзбекстандык аялды күйөөсү өлтүргөнү тууралуу кабар тараган.(ZKo)
