Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Жапаров айдоочудан жеринен сынак алуу мыйзамын артка кайтарууну тапшырды

0

Жол кыймылын тескөөчүлөргө айдоочулардан жеринде сынак алууга укук бере турган мыйзам долбоору артка кайтарылат. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов 5-мартта Фейсбукка жазды.

“Тийиштүү тапшырманы Ички иштер министрлигине президент Садыр Жапаров бул демилгеге карата коомчулуктан ынанымдуу сын-пикирлер айтылганын эске алып берди”, - деди Алагөзов.

Бул мыйзам долбоору 4-мартта Жогорку Кеңеште каралып, бир топ депутаттын сынынан кийин күн тартибинен алынган.

Долбоордо жол коопсуздук кызматкери айдоочу негизги сегиз жол эрежесин бузган учурда аны токтотуп, планшет аркылуу алты суроодон турган сынак алары жазылган. Эгер айдоочу төрт жана андан көп суроого туура жооп берсе, айыппул жазылып коё берилери каралган. Эгер төрттөн аз суроого жооп берсе, “Унаа” мекемесине айдоочулук күбөлүк үчүн кайра сынак тапшырууга жөнөтүлөрү белгиленген.

Тандалып алынган сегиз жол эрежеси төмөнкүлөр:

Колдонууга тыюу салынган унааны башкарган учурда,Мамлекеттик номуру жок унааны айдаганда,Коопсуздук кызматкери тоскондо токтобой койгондо,Ылдамдыкты коюлган чектен 40 км/сааттан жана 60 км/сааттан ашканда,Жол чырактарына баш ийбегенде жана тротуар, велосипед жана жөө жүргүнчүлөрдүн жолунан жүргөндө,“Тез жардам” жана башка атайын техникага жол бербөө,Каршы тилкеге чыгуу жана ээнбаштык кылганда,Материалдык чыгым алып келген жана адам өмүрүнө коркунуч жараткан жол кырсыктары болгондо, кошумча жабдыктарды мыйзамсыз орнотуу жана кооптуу жүктөрдү ташуу эрежелери бузулганда.Айдоочу "Унаа" мекемесинен кайра сынак тапшырууга жөнөтүлгөндө ага 60 күндүк мөөнөт менен убактылуу күбөлүк берилери каралган.

ИИМ бул мыйзам долбоору жол кырсыктарын азайтуу максатында иштелип чыкканын түшүндүргөн.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России