Үч жашка чейинки бардык балдарга мамлекеттик жөлөкпул берилет
Үч жашка чейинки балдарга ай сайын берилүүчү “Бала ырысы” деп аталган жаңы мамлекеттик жөлөк пулду киргизүү жарлыгына президент Садыр Жапаров кол койду.
Аялдардын эл аралык күнү - 8-март алдында кол коюлган жарлык 1-июлдан тартып ишке кирет жана 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөк пул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан, үч жашка чейинки ар бир балага берилет.
Президент бул чечим жарандардын көптөгөн кайрылуусуна жооп катары кабыл алынганын жана баланын өнүгүүсүнүн эң маанилүү мезгилинде үй-бүлөлөрдү колдоого багытталганын билдирди.
Садыр Жапаров балага 1200 сом жөлөкпул алуу убаракерчиликке айланып, мамлекеттен жардам сурап кайрылган үй-бүлөлөр колдоо ордуна баш тартууларга жана бүтпөгөн бюрократиялык жол-жоболорго туш болушарын белгиледи.
"Айрыкча эмчектеги ымыркайларга тийиштүү болгондо мындай жагдайлар таптакыр жол берилгис. Адамдын эң негизги дене тарбиялык жана акыл-эс жөндөмдөрү жашоосунун дал ушул алгачкы жылдарында калыптанат жана өмүр бою сакталып калат. Ошондуктан бүгүнкү жарлыгым менен Министрлер кабинетине “Бала ырысы” аттуу жаңы жөлөкпулду киргизүү иштерин иштеп чыгууну тапшырдым. Биз билебиз: ар бир бала өзүнүн ырыскысы, бактысы жана берекеси менен төрөлөт", - деген президент жарлыктын түшүндүрмөсүндө.
Мамлекет башчы учурда бир да бала көңүл сыртында калбаган Кыргызстан курулуп жатканын, жасалып жаткан иштердин баары Кыргызстандын келечегине арналып жатканын кошумчалаган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда болжолдуу үч жашка чейинки 445 миңдей бала жашайт.
Учурда 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө "Үй-бүлөгө көмөк" деп аталган 1200 сом өлчөмүндө мамлекеттик жөлөкпул берилет. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган үй-бүлөлөр үчүн жөлөк пулдун өлчөмү аймактык коэффициент менен эсептелинет. Бирок жөлөк пул алуудагы түйшүк, кыйынчылыктар тууралуу нааразылык айтылып турат. 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөк пулду алуу үчүн үй-бүлөнүн кирешеси жан башына 1000 сомдон жогору болбошу керек деген жобосу элдин нааразычылыгын жаратып келген.
Быйыл 1-январдан тарта күчүнө кирген "Мамлекеттик жөлөк пулдар жөнүндө" мыйзамга ылайык, үй-бүлөнүн социалдык-экономикалык абалына карабастан үчүнчү жана ар бир кийинки бала төрөлгөндөн тартып үч жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" жөлөкпулу берилүүдө.
2018-жылдын башынан тартып ымыркай төрөлгөндө "Балага сүйүнчү" деп аталган жөлөкпул – 4000 сом берилет. Мындан тышкары 2019-жылы күздөн тартып үй-бүлөдө үч же андан ашык эм төрөлгөн шартта жарык дүйнөгө келген ар бир бала үчүн 50 миң сомдон берилет.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда жашоо минимуму - 8 769 сомду түзөт.(ZKo)
