Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Жапаров айдоочулардан жеринде эреже суроого эртелик кыларын айтты

0

Президент Садыр Жапаров "Кабар" агенттигине курган маегинде Ички иштер министрлигине (ИИМ) жол кыймылынын эрежелерин бузган айдоочулардан жеринде тест алууну караган мыйзам долбоорун Жогорку Кеңештен чакыртып алганы боюнча да комментарий берди.
Мамлекет башчы демилге туура экенин белгилеп, бирок азырынча эртелик кыларын айткан.

"Негизинен бул ыкма туура. Бирок кичине эртерээк деп ойлойм. Себеби, биринчи кезекте МАИ кызматкерлеринин өздөрүн толук даярдап чыгышыбыз керек. Айрым МАИ кызматкерлери өздөрү жол эрежесин толук билбеген учурлар кездешет. Ошондуктан качан гана МАИ кызматкерлер өздөрү даяр болгондо бул маселени кайрадан көтөрүшсө болот", - деген Жапаров маселенин максаты жол кырсыктарын азайтуу болуп саналарын белгилеген.

Президент мурда күбөлүктү окубай эле сатып алгандардын кесепетинен жол кырсыктары көбөйүп, жарандар кырсыктап жатканы тууралуу айтканын кайталап, бул "люстрациянын" бир бөлүгү экенин билдирген.

"Бийлик бутактарын беш жылдан бери “люстрация” кылып, жогорку бутактарда дээрлик баарын бүтүрдүк. Эми башка бутактарды да “люстрация” кылалы да. Башка кандай жол менен “люстрация” кылабыз бул тармакты? Эгер жол эрежесин бузгандарды тим койсок жол кырсыктары күндөн-күнгө күчөй берет. Жарандарыбыз кайтыш боло берет. Майыптар көбөйө берет. Ошондуктан бул тармакка катуу көңүл бурушубуз керек", - деген.

Мамлекет башчы мындан ары күбөлүк сатып алуулар 99 пайыз болбой турганын, айдоочуларды даярдоону мамлекет толук колуна алганын белгилеп, айдоочулук күбөлүктү сатып алып, жол эрежесин билбей унаа айдап жүргөн айдоочуларга эрежелерди үйрөтүү зарылчылыгын эскерткен.

Жол кыймылын тескөөчүлөргө айдоочулардан жеринде сынак алууга укук бере турган мыйзам долбоору президент Жапаровдун тапшырмасы менен артка кайтарылганы 5-мартта маалым болгон.

Бул мыйзам долбоору 4-мартта Жогорку Кеңеште каралып, бир топ депутаттын сынынан кийин күн тартибинен алынган.

Долбоордо жол коопсуздук кызматкери айдоочу негизги сегиз жол эрежесин бузган учурда аны токтотуп, планшет аркылуу алты суроодон турган сынак алары жазылган. Эгер айдоочу төрт жана андан көп суроого туура жооп берсе, айыппул жазылып коё берилери каралган. Эгер төрттөн аз суроого жооп берсе, “Унаа” мекемесине айдоочулук күбөлүк үчүн кайра сынак тапшырууга жөнөтүлөрү белгиленген.

Коомчулукта бул мыйзам долбоору кызуу талкуу жаратып, коррупцияга шарт түзөт деген нааразычылыктар менен коштолгон.(ZKo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России