ОшМУда Жакынкы Чыгыштагы кырдаал жөнүндө талкуу өттү
Ош мамлекеттик университетинин Чыгыш таануу институтунда Жакынкы Чыгыштагы кырдаал боюнча илимий талкуу өттү.
5-марттагы "Иран - Израил - АКШ жана Пакистан - Ооганстан конфликттери: тарыхы жана учурдагы абалы" аталышындагы иш-чарада Кыргыз-Өзбек Эл аралык университетинин окутуучусу Азамат Бакиров жана ОшМУнун Чыгыш таануу институтунун директору Жолдошбек Бөтөнөев баяндама жасады.
Талкууга институттун студенттери, окутуучулук курамы жана бир катар эл аралык медианын өкүлдөрү катышты.
28-февралда Израил жана АКШ Иранга каршы операция баштаган. Буга жооп катары Иран Израилге гана эмес, аймактагы башка өлкөлөргө да сокку урууну улантып жатат.
Кыргызстандын Коопсуздук кеңешинин катчысы Адилет Орозбеков Жакынкы Чыгыштагы кырдаалга байланыштуу укук коргоо, күч түзүмдөрүнүн жана башка тармактык мекемелердин жетекчилери менен ыкчам кеңешме өткөргөн. Анда бул аймактагы кыргыз жарандарынын коопсуздугун күчөтүү жана мекенине кайтаруу иш-чараларын уюштуруу чаралары талкууланган.
Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин билдирген. Анын ичинен 10 миңге жакын кыргызстандык Бириккен Араб Эмирлигинде жүрөт. Катарда 800дөй, Сауд Арабиясында 5 миңден ашуун жана Израилде 100гө жакын кыргыз жараны бар. Мындан тышкары Кувейт, Бахрейн жана Иорданияда жүргөндөр миңге чукул.
Сауд Арабиясындагы 5 миң киши умра зыяратына баргандар жана миң киши ал жакта туруктуу жашай турганы такталды.
Дипломатиялык мекеме Омандан жана Сауд Арабиясынан жарандарды Кыргызстанга жеткирүү боюнча аба каттамдары коюлганын билдирди.
