Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

WP: Орусия Иранга АКШнын аскердик объектилери тууралуу маалымат берип турган

0

Жакынкы Чыгышта жаңжал башталгандан бери Орусия Иранга АКШнын аскердик объектилеринин жайгашкан жери тууралуу маалымат берип келген. Бул тууралуу The Washington Post басылмасы чалгын маалыматтары менен тааныш үч булакка таянып жазды.

«Бул абдан ири масштабдагы демилге болушу мүмкүн окшойт», — деди булактардын бири.

Басылма белгилегендей, Орусиянын Иранга бул жаатта канчалык деңгээлде жардам бергени азырынча толук түшүнүктүү эмес.

1-мартта Кувейтте ирандык дрондун чабуулунан алты америкалык аскер кызматкери каза болуп, дагы бир нечеси жаракат алган.

The Washington Post жазгандай, Иран АКШнын аскердик позицияларына, элчиликтерине жана жарандык объектилерине миңдеген сокку уруучу дрондорду жана жүздөгөн ракеталарды учурган.

Орусиянын тиешеси боюнча АКШнын Борбордук чалгын башкармалыгы (CIA) жана Пентагон комментарий берүүдөн баш тартты. Ал эми Орусиянын Вашингтондогу элчилиги басылманын комментарий берүү өтүнүчүнө жооп кайтарган жок.

АКШ менен Израил Иранга каршы аскердик операцияны 28-февралда баштаган. Пентагондун маалыматына караганда, алты күндүн ичинде америкалык аскерлер Ирандын 30дан ашуун кемесин чөктүрүп, анын ракета учуруучу түзүлүштөрүнүн 60 пайызын жок кылды. Ошондой эле Ирандын баллистикалык ракеталык чабуулдарынын саны 90% азайды.

Пентагондун башчысы Пит Хегсет Тегеранга эскертүү берип, эгер Иран АКШ узакка созулган согушту көтөрө албайт деп ойлосо, анда ал жаңылышып жатканын айтты. Анын сөзүнө караганда, америкалык аскерлер согуштук аракеттерди жаңы гана баштады.

Ал эми Израил армиясынын Башкы штабынын жетекчиси, генерал Эял Замир Израил күчтөрү Иранга каршы соккулардын жаңы баскычын баштап жатканын билдирди. Анын айтымында, бул этапта алар «режимди жана анын аскердик мүмкүнчүлүктөрүн мындан ары да талкалоону» улантат.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России