Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7
8
9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Президент Жапаров алты райондун жаңы акимдерин дайындады

0

Президент Садыр Жапаров Сузак, Алай, Тогуз-Торо, Кара-Суу, Бакай-Ата жана Нарын райондоруна жаңы акимдерди дайындады. 6-мартта жарыяланган жарлыкка ылайык, Баратбек Сыдыкназаров Сузак районунун акими кызматынан бошотулуп, ордуна Дамир Кулубаев дайындалды.

47 жаштагы Сыдыкназаров бул кызматты 2021-жылдан бери аркалап келди. Кулубаев былтыр Кара-Кулжа районунун акими кызматынан бошотулган.

Кара-Суу райондук администрациясын Чыңгыз Бапаев жетектей турган болду. Бул кызматты аркалап келген Канат Табалдиев 28-февралда кызматтан бошотулуп, кийин Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин Ош шаардык жана облустук башкармалыгынын башчысы болуп дайындалды.

Бапаев буга чейин Алай районунун акими болуп иштеген. Президент бул районго жетекчи кылып Адыл Сапаровду дайындады. Ал мурда президенттин Нарын облусундагы өкүлүнүн биринчи орун басары болуп иштеген.

Тогуз-Торо районуна аким болуп Нурлан Эшмукамбет уулу барды. 28-февралда буз кызматтан Манас Мураталиев өз арызы менен кеткен. Ачык булактарда Эшмукамбет уулу буга чейин Кочкор районунун акиминин орун басары болуп иштегени жазылган.

Президенттин ушул эле күнү чыгарган жарлыгына ылайык, Зарылбек Тыныбек уулу Бакай-Ата районуна, Залкарбек Каримов Нарын районуна аким болду. Тыныбек уулу буга чейин Манас шаарындагы суу канал башкармалыгын жетектесе, Каримов Кара-Суу районундагы Датка айыл өкмөтүнүн башчысы болуп иштеген.

10-февралда президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Камчыбек Ташиев Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагалыгынан алынган. Андан берки убакта бир нече министр, жергиликтүү бийлик башчылары орун басарлары менен чогуу кызматынан алынышты, айрымдары камалды. УКМКнын бир нече кызматкери коррупцияга шектелип камалды.

Президенттин жарлыгы өтө күтүүсүз болгонун билдирген Камчыбек Ташиев өлкөдөн чыгып кетти.







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России