Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9
10
11
12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

Бишкекте аялдардын укуктарын коргоону талап кылган акция өттү

0

Бишкек шаарындагы Горький атындагы эс алуу багында 8-март – Аялдардын эл аралык күнүнө карата кыз-келиндердин укуктарын коргоону талап кылган акция өттү. Бул тууралуу ага катышып жаткан “Азаттыктын” кабарчысы билдирди.

Акцияны уюштурган демилгелүү жаштар белгилегендей, алар муну менен аялдардын укугун коргоону, гендердик теңчиликке коомчулуктун көңүлүн бурууну жана кыз-келиндердин үнүн угузууну көздөшүүдө. Ага 100гө жакын адам катышты.

Иш-чаранын катышуучулары “Ак үйдө кыздар көбөйсүн!”, “Аял укугу – адам укугу”, “Күнөө сенде эмес”, “Кыйын кыздын кызымын”, “Кызга кырк үйдөн колдоо”, “Аялзатым, жаша!”, “Аял – жашоо, эркиндик”, “Кыздын үнү – анын укугу” деген чакырык-ураандар жазылган плакаттарды кармап жүрүштү.

Мунун алдында уюштуруучулар Бишкекте Эл аралык аялдар күнүнө карата Тилектештик маршын өткөрүүгө уруксат берүүсүн өтүнүп президент Садыр Жапаровго кайрылуу жолдошкон. Алар тынч жүрүштү Уркуя Салиеванын айкелинен Горький сейил багына чейин өткөрүү ниет кылышкан. Бийлик өкүлдөрү коопсуздукка байланыштуу жүрүшкө уруксат бербей, сейил бактын ичинде гана акция өткөрүүгө жол берген.

8-мартта жөө жүрүш өткөрүүгө уруксат берүү маселесин буга чейин Жогорку Кеңештин депутаты Элвира Сурабалдиева көтөргөн. Ал калаа бийлигине жана укук тартибин коргоо органдарына кайрылып, кыз-келиндерге тилектештик билдирген иш-чара маанилүү экенин белгилеген.

Аялдардын эл аралык күнүнө карата жүрүш Бишкекте бир нече жылдан бери өтүп келетат. Былтыр өнөктүк “Жаша аялзаты, жаша!” деген ураан менен уюштурулуп, жүрүштүн катышуучулары эски аянттан Горький аянтына чейин басып барышкан. Анда жүрүшкө 300дүн тегерегинде киши катышкан эле.

Тынчтыктын жана аялдар үчүн коопсуздуктун глобалдык индекси (WPS) боюнча Кыргызстан эки жыл катары менен Борбор Азияда кыз-келиндер үчүн эң кооптуу өлкө деп таанылган. Бул рейтингде 2023-жылы Кыргызстан 177 өлкөнүн арасынан 95-орунду ээлеген. Ал эми 2021-жылы талдоого алынган 170 өлкөнүн ичинен 97-орунга түшкөн.

2025-жылдын 11 айында (январь айынан ноябрь чейин) Кыргызстанда ички иштер органдарынын маалыматтарды каттоо электрондук журналына 19 миң 995 үй-бүлөлүк зомбулук фактысы катталган. Бул 2024-жылдын алгачкы 11 айына салыштырганда (2024-жыл 15 миң 675 факты катталган) 27,5% же 4320 фактыга көп.

Кыргызстанда соңку бир нече жылдан бери жарандык акция, митинг өткөрүү шарттары чектелген. (DSh\ErN)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России