Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12
13
14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

ТИМ: Жакынкы Чыгыштан кыргызстандыктарды эвакуациялоо уланууда

0

Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Жакынкы Чыгыштан жана Бириккен Араб Эмирликтеринен кыргыз жарандарын эвакуациялоо иштери уланып жатканын билдирүүдө.

ТИМдин консулдук департаментинин жетекчиси Сейтек Жумакадыр уулу 11-мартта журналисттерге билдиргендей, Жакынкы Чыгышта кырдаал курчугандан бери ал жактан Кыргызстандын 300 жараны алынып келинди.

Жумакадыр уулунун сөзүнө караганда, учурда тышкы байланыштар мекемеси Жакынкы Чыгыштан дагы бир каттам менен кыргызстандыктарды алып келүү маселесин талкуулап жатат. Айтымында, учурда Кувейтте Кыргызстандын 480 жараны бар, алардын 72си мекенине кайтуу ниетин билдирген. Бахрейндеги 80 кыргыз жаранынын 45и Кыргызстанга кетүүгө даяр.

"Тизмедеги цифралар улам өзгөрүүдө. Катарда да мекенине кайтууну каалаган жарандарыбыз бар. ТИМ аймактан кетүүнү каалаган жарандардын тизмесин улам жаңылоодо. Тизме толгондо жогорку жетекчиликке беребиз. Эвакуациялык борт качан болору бүгүн кечинде белгилүү болот", - деди Жумакадыр уулу.

ТИМдин маалыматына караганда, кыргызстандыктар Иранда да бар, негизинен алар ирандык жарандарга турмушка чыккан кыз-келиндер. Жумакадыр уулу алар азырынча мекенине алып кетүүнү суранышпаганын билдирди.

Перс булуңунда калып калган кыргызстандык жарандарды эвакуациялоо 4-мартта башталган. Акыркысы 8-мартта жүргүзүлүп, Катардан, анын ичинде Доха шаарындагы круиздик лайнерден чыгарылган 166 Кыргызстандын жараны алынып келинген.

Тышкы иштер министрлиги учурда кырдаал курчуп турган Перс булуңунда 22 миңге жакын кыргызстандык бар экенин 2-марттагы брифингде кабарлаган.

АКШ менен Израилдин Иранга каршы биргелешкен согуштук операциясы 28-февралда башталган. Иран ага жооп катары Израилди эле эмес, чөлкөмдөгү бир катар өлкөлөрдүн аймактарына абадан сокку урган. (ZKo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России