Добавить новость
103news.com
World News in Kyrgyz
Март
2026
1 2 3 4 5 6 7 8 9 10 11 12 13 14
15
16
17
18
19
20
21
22
23
24
25
26
27
28
29
30
31

34 айылды бийик тоолуу аймактар тизмесинен чыгаруу сунушталды

0

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев буга чейин бийик тоолуу аймактарга кирген айылдарда жашаган жана иштеген адамдар үчүн Өткөөл мезгил жөнүндө убактылуу жобо бекитүү тууралуу токтомго кол койду.

Токтомдо тиешелүү министрликтерге, жергиликтүү бийликтерге убактылуу жобого ылайык райондук коэффициенттердин жана пайыздык үстөк акылардын тиешелүү төлөмдөрүн жүргүзүү тапшырылды. Токтомдун долбоору коомдук талкууга чыгарылды.

Документтин нускамасында Министрлер кабинетинин 2025-жылдын 23-октябрындагы № 692 токтому менен бийик тоолуу зоналарда жайгашкан айылдардын тизмеси бекитилгени белгиленген. Ага ылайык, кыргыз өкмөтүнүн 1997-жылдагы № 377 токтому менен бекитилген айылдардын тизмесинен 34 айыл чыгарылган. "Бийик тоолук критерийлерге жооп бербеген 34 калктуу конушта жашаган жана иштеген адамдар 1997-жылдан бери социалдык жөлөкпулдарга жана эмгек акыга белгиленген коэффициенттердин өлчөмүндө кошумча акы алып келишкен" деп айтылат нускамада.

Министрлер кабинети калктын жашоо деңгээлинин кескин төмөндөшүнө жол бербөө жана социалдык адилеттүүлүк принциптерин сактоо максатында өткөөл мезгил сунуштоодо. Убактылуу жобо күчүндө кезинде аталган айылдарда туруктуу жашаган жана иштеген жарандар кошумча акы жана коэффициент алуу укугун сактап калат.

"Бийик тоолуу зоналарда жайгашкан калктуу конуштардын тизмесин бекитүү жөнүндө" токтомунун былтыр май айында сунушталган долбоорунда тоолуу, шарты катаал деп саналган аймактан 61 айылды чыгаруу сунушталган эле. Долбоор Жогорку Кеңеште катуу талкуу жаратып, өкмөттөн тизмени дагы бир сыйра тактоо талап кылынган.

Кыргызстанда бийик тоолуу, шарты катаал аймактарда жашагандарга бир катар жеңилдиктер каралган.

Өлкөдө айрым айылдар бийик тоолуу аймактардын тизмесине кирбей калганына байланыштуу жана бул тизмеден чыгарууга аракет жасалап жатканынан улам нааразылык дагы айтылып келген.

Бийик тоолуу аймактарга деңиз деңгээлинен 1800 метрден жогоруда жайгашкан айылдар кирет.(ZKo)







Губернаторы России





Губернаторы России

103news.net – это самые свежие новости из регионов и со всего мира в прямом эфире 24 часа в сутки 7 дней в неделю на всех языках мира без цензуры и предвзятости редактора. Не новости делают нас, а мы – делаем новости. Наши новости опубликованы живыми людьми в формате онлайн. Вы всегда можете добавить свои новости сиюминутно – здесь и прочитать их тут же и – сейчас в России, в Украине и в мире по темам в режиме 24/7 ежесекундно. А теперь ещё - регионы, Крым, Москва и Россия.

Moscow.media


103news.comмеждународная интерактивная информационная сеть (ежеминутные новости с ежедневным интелектуальным архивом). Только у нас — все главные новости дня без политической цензуры. "103 Новости" — абсолютно все точки зрения, трезвая аналитика, цивилизованные споры и обсуждения без взаимных обвинений и оскорблений. Помните, что не у всех точка зрения совпадает с Вашей. Уважайте мнение других, даже если Вы отстаиваете свой взгляд и свою позицию.

Мы не навязываем Вам своё видение, мы даём Вам объективный срез событий дня без цензуры и без купюр. Новости, какие они есть — онлайн (с поминутным архивом по всем городам и регионам России, Украины, Белоруссии и Абхазии).

103news.com — живые новости в прямом эфире!

В любую минуту Вы можете добавить свою новость мгновенно — здесь.

Музыкальные новости




Спорт в России и мире



Новости Крыма на Sevpoisk.ru




Частные объявления в Вашем городе, в Вашем регионе и в России